2019-жылдын III кварталындагы “Азык-түлүктүн коопсуздук жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетени”
Басылмалардын датасы: 06.12.2019
Азык-түлүктүн коопсуздук жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетени 2019-жылдын III кварталындагы өлкөдөгү азык-түлүктүн камсыз кылуу кырдаалынын талдоосун камтыйт. Бюллетенде азык-түлүктүн болуусу, аны өндүрүү жөнүндө материалдар, азык-түлүккө карата жетүү көрсөткүчтөрү, калктын адам башына керектөө жөнүндө анын маалыматтары бириктирилген жана тутумдаштырылган.
Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалары жөнүндө маалымат, 2019-жылдын январь-июнундагы 5016 үй чарбаларынын интеграциялык изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндө тамактануу теңдеми, ошондой эле азык-түлүктүн коопсуздук индикаторлору камтылган. Кененирээк «Басылманын» бөлүмүндө.
________________________________________________________
Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы
Үй чарба статистикасы бөлүмү |
| e-mail: NKerimalieva@stat.kg | тел. + 996 (312) 324691
| e-mail:y.kalymbetova @stat.kg | тел. + 996 (312) 324655 |
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).