"Кыргыз Республикасынын 2023-жылга карата «Ресурстар-Пайдалануу таблицалары» статистикалык жыйнагы басылып чыкты

Басылмалардын датасы: 01.12.2025


Жыйнакта "Ресурстар - Пайдалануу" (РПТ) өз ара байланышкан таблицалары камтылган, алар ар кандай товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр түрүндөгү ресурстарды түзүүнү гана эмес, алардын ички өндүрүш жана импорт аркылуу келип чыгышын, ошондой эле бул ресурстарды суроо-талаптын ар кандай компоненттеринин ортосунда бөлүштүрүүнү – орто аралык жана акыркы керектөөлөрдү чагылдырат. "Ресурстар жана Пайдалануу" таблицалары экономикадагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн агымын ар кандай булактардан алынган маалыматтарды салыштыруу жана баалоо аркылуу деталдуу талдоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, РПТда республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттери тарабынан өндүрүлгөн, ошондой эле өлкөгө импорттолгон товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси келтирилген, алардын ички рынокто пайдаланылышы жана башка өлкөлөргө экспорту чагылдырылган.

Жыйнакта келтирилген таблицалар өлкөнүн ички дүң продуктусун жана анын компоненттерин баалоону жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Сатып алуу маселелери боюнча Улутстаткомдун Интеллектуалдык маалыматтар борборунун Маркетинг кызматына +996 (312) 32-47-03 телефону аркылуу кайрылыңыз.

Басылманын электрондук версиясы колдонуучулар үчүн Улутстаткомдун  www.stat.gov.kg  расмий сайтында  «Басылмалар» бөлүмүндө  жеткиликтүү.

_________________________________________________________________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы

электрондук почта: eisenkulova@stat.kg; nkuneva@stat.kg;

 тел. +996 (312) 32-46-95, + 996 (312) 32-46-43

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 03.12.2025, 09:58