"Социальдык тенденция" басылмасы басылып чыкты
Басылмалардын датасы: 26.01.2016
”Кыргыз Республикасынын социалдык тенденциялары” басылмасы – 2014-жылы мурунку жылдарга салыштырмалуу республиканын социалдык чөйрөсүндө болгон кубулушту жана процесстерди эң эле толук чагылдырган аналитикалык басылма. Басылмада түшүндүрмө текстери менен толукталган 70ке жакын графиктер жана 100гө жакын таблицалар камтылган.
Келтирилген маалыматтар эл аралык методологияга ылайык эсептелген, бул пайдалануучуларга аларды башка өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү менен салыштырууга мүмкүндүк берет.
Басылма эң эле ар түрдүү пайдалануучулар үчүн арналган: жогорку башкаруу персоналга, ишканалардын жана уюмдардын, илимий, ишкердик жана банктык чөйрөлөрдүн жетекчилерине жана кызматкерлерине, профессордук-окутуучулук курамга, аспиранттарга жана студенттерге, башка кызыкдар адамдарга.
