2022-жылы Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыгы боюнча экинчи китеп басылып чыкты

Басылмалардын датасы: 28.09.2023


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан «Кыргызстандын калкы» аталышындагы экинчи китеп басып чыгарылды.
Жыйнакта Кыргыз Республикасынын 2022-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоосунан алынган калктын саны, анын өлкө боюнча бөлүштүрүлүшү, жынысы, курагы жана этникалык курамы, тилди билүү деңгээли, билим деңгээли, үй-бүлөлүк абалы жана аялдардын төрөткө жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалыматтар камтылган.
Кийинчерээк Улутстаткомдун басылмаларынын графигине ылайык, эл жана турак жай фондун каттоонун толук жыйынтыктары, анын ичинде калктын географиялык, демографиялык, экономикалык жана социалдык белгилери, тышкы жана ички миграция, үй-бүлөлөрдүн жана үй чарбаларынын белгилери, турак жайлардын белгилери камтылган тематикалык жыйнактар басылып чыгат.

Эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыктары боюнча басылмалар графиги

I -китеп

Калктын негизги социалдык-демографиялык мүнөздөмөлөрү

2023-жылдын февраль айында басылып чыгарылды

 

II-китеп 1-бөлүк

Кыргызстандын калкы

2023-жылдын июль айында басылып чыгарылды.

III-китеп

(Р сериясы)

Кыргыз Республикасынын региондору

2023-ж.

III-IV квартал

 

Р1 Баткен облусу

 

 

Р2 Жалал-Абад облусу

 

 

Р3 Ысык-Көл облусу

 

 

Р4 Нарын облусу

 

 

Р5 Ош облусу

 

 

Р6 Талас облусу

 

 

Р7 Чүй облусу

 

 

Р8 Бишкек шаары

 

 

Р9 Ош облусу

 

 

II-китеп 2-бөлүм

Кыргыз Республикасынын калкынын экономикалык активдүүлүгү жана иш менен камсыздуулугу

2023-ж.

IV-квартал

II-китеп 3-бөлүм

 

IV-китеп

Кыргыз Республикасынын калкынын миграциясы

 

Кыргыз Республикасынын калкынын турак-жай фонду жана жашоо шарттары

2024-ж.

I-квартал

2024-ж.

II-квартал

V-китеп 

Кыргыз Республикасынын үй-чарбалары жана үй-бүлөлөрү 

2024-ж.

III-квартал 

VI-китеп

Негизги уюштуруучу жана методологиялык жоболор

2024-ж

декабрь айы.

 

https://www.stat.kg/media/publicationarchive/09ae4f7e-4869-4f68-87a9-072c3e92607a.pdf

 


Акыркы жаңылоо: 03.10.2023, 14:49