Бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынан 1,6 эсеге жогору болду
Басылмалардын датасы: 25.11.2020
Республикада экономикалык ишмедиктин түрлөрү боюнча жумушчулардын орточо эмгек акысы айына 9 миңден 36 миң сомго чейинкини түзөт.
2020-жылдын январь-сентябрында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 17 926 сомду түздү жана 2019-ж. январь-сентябрына салыштырмалуу 9,2 пайызга көбөйдү.
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы 23,6 миң сомду түздү жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынан 1,6 эсеге жогору болду.
2020-жылдын январь-сентябрында бюджеттик жана бюджеттик эмес1 чөйрөнүн кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы
(сом)
|
Бюджеттик эмес чөйрө |
Бюджеттик чөйрө |
Бардыгы |
23 563 |
14 836 |
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук |
12 686 |
10 037 |
Пайдалуу кендерди казуу |
34 889 |
- |
Иштетүү өндүрүшү (иштетүү өнөр жайы) |
18 421 |
13 201 |
Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) |
28 900 |
22 518 |
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу |
17 593 |
8 786 |
Курулуш |
21 665 |
11 223 |
Дүң жана чекене соода, автомобиль жана мотоциклдерди оңдоо |
17 238 |
4 715 |
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
20 917 |
18 306 |
Мейманканалардын жана ресторандардын ишмердиги |
16 548 |
12 107 |
Маалымат жана байланыш |
39 012 |
19 235 |
Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу |
35 940 |
42 144 |
Кыймылсыз мүлк операциялары |
14 278 |
12 570 |
Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик |
32 441 |
13 215 |
Административдик жана көмөкчү ишмердик |
13 944 |
21 363 |
Мамлекеттик башкаруу жана коргоо; милдеттүү социалдык камсыздоо |
- |
22 771 |
Билим берүү |
19 259 |
13 924 |
Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө |
11 588 |
10 682 |
Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу |
13 321 |
9 260 |
Башка тейлөө ишмердиги |
15 757 |
11 147 |
1 Чакан ишканаларды эсептебегенде.
Жалпысынан, жогоруда келтирилген маалыматтардан көрүнүп тургандай, орточо айлык эмгек акынын өлчөмү ишмердиктин түрлөрү боюнча айырмаланат. Мисалы, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында эмгек акынын деңгээли экономикалык ишмердиктин башка түрлөрүндөгү эмгек акынын деңгээлинен төмөн. Бул социалдык чөйрөдөгү мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысы мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн шартталган, себеби алардын басымдуу бөлүгү мамлекеттин каржылоосунда турушат.
Ишкананын кызматкерлеринин орточо номиналдык эмгек акысы тизмелик жана тизмелик эмес курамдагы кызматкерлердин иш жүзүндө эсептелген эмгек акы фондунун орточо эмгек акыны эсептөө үчүн кабыл алынган кызматкерлердин жана отчеттук мезгилдеги айлардын санына бөлүү жолу менен эсептелээрин белгилейбиз.
Улутстатком ар жылдык негизде ноябрда толук иштеген ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин санын эсептелген эмгек акынын өлчөмүнө жараша бөлүштүрүү боюнча маалыматты иштеп чыгат.
Видео: Кыргызстандагы орточо айлык тууралуу Улутстаткомдун эксперти баяндайт
_______________________________________________________________________
Эмгек жана иш менен
камсыз кылуу
статистикасы бөлүмү | e-mail: jailobaeva@stat.kg; | тел. + 996 (312) 626076
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).