Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин коллегиясынын 2024-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча отуруму

Басылмалардын датасы: 25.07.2024


Бүгүн, 25-июлда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин коллегиясынын 2024-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген отуруму болуп өттү. Анда Кыргыз Республикасынын жана анын региондорунун социалдык-экономикалык абалы жөнүндө маалыматтар берилди.

Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов социалдык-экономикалык абалдын негизги көрсөткүчтөрүнүн көбөйгөндүгүн, ал эми 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ички дүң продуктунун көлөмү алдын-ала баалоо боюнча 560 миллиард сомго жакындагандыгын жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 8,1 пайызга жогорулагандыгын белгилеп өттү.

Коллегиянын отурумунда төраганын орун басарлары, ведомстволук жана аймактык статистика органдарынын жетекчилери сөз сүйлөштү. 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын расмий статистикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын иш-чаралар планынын, 2024-жылдагы Статистикалык программанын, Дүйнөлүк банктын «Статистикалык тутумду модернизациялоо» долбоорунун, пилоттук айыл чарба каттоосунун иш-чараларынын аткарылышы каралды.

Коллегиянын отурумуна Улутстаткомдун КР Президентинин Администрациясындагы куратору С.Султаналиев, Улутстаткомдун жетекчилиги, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктери, ошондой эле облустук, райондук статистика башкармалыктарынын жетекчилери катышышты.

Статистика кызматкерлеринин жер-жерлерде статистикалык маалыматтарды чогултуунун жана иштетүүнүн жүрүшүндө кабылган көйгөйлүү маселелери талкууланды.

Коллегиянын ишинин жыйынтыгында аймактык статистика органдарынын жетекчилерине чарба жүргүзүүчү субъекттерди статистикалык эсеп менен камтууну жогорулатуу иштерин күчөтүү жана райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү иштерин жакшыртуу сунушталды.

 

 


Акыркы жаңылоо: 26.07.2024, 16:01