Кургакчылык жана сугат суусунун жетишсиздиги негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн бир кыйла азайышына алып келди
Басылмалардын датасы: 10.08.2021
Үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 230,7 миң гектар аянттан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3% га аз жана 285 миң тоннага жакын же 52% га аз дан бастырылды.
Ушул жылдын 23-июлуна карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү
|
Иш жүзүндө |
Өткөн жылдын тийиштүү күнүнө карата |
||
---|---|---|---|---|
|
2020 |
2021 |
+, - |
пайыз менен |
Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү , күрүч жана гречиханы кошпогондо), миң га |
238,5 |
230,7 |
- 7,8 |
96,7 |
Бастырылган дан - бардыгы (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т |
596,2 |
284,8 |
- 311,4 |
47,8 |
1 гектардан, ц |
25,0 |
12,3 |
- 12,7 |
49,2 |
Бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т |
321,9 |
169,3 |
- 152,6 |
52,6 |
Бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т |
273,5 |
115,1 |
- 158,3 |
42,1 |
Казылган картошка аянты, миң га |
9,2 |
8,5 |
- 0,7 |
92,9 |
Жыйналган картошка, миң т |
144,0 |
134,9 |
- 9,1 |
93,7 |
Жыйналган жашылча өсүмдүктөрү , миң т |
259,1 |
280,3 |
21,2 |
108,2 |
Жыйналган бакча өсүмдүктөрү , миң т |
108,7 |
105,0 |
- 3,7 |
96,5 |
Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү миң т |
58,7 |
40,4 |
- 18,3 |
68,8 |
Быйыл жайында аномалдуу жогору температуранын жана вегетация мезгилинде сугат суусунун жетишсиздигинин кесепетинен буудайдын дүң жыйымы - 41,4%га, арпа - 57,9%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү - 31,2%га, картошка - 6,3%га жана бакча өсүмдүктөрү - 3,5%га кыскарды.
Муну менен катар, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу жашылчалардын дүң жыйымынын (8,2%) олуттуу өскөнү белгиленди.
Айыл чарба статистикасы бөлүмү | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).