Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан мейманканалардын кызматтарын көрсөтүү боюнча ишмердикти ишке ашырган субъектердин (юридикалык жана жеке жактардын) толук бир жолку текшерүүсү аяктады

Басылмалардын датасы: 30.06.2015


Туризм статистикасы боюнча маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында 2015-ж. 8-июнунан 16-июнга карай мезгилде Кыргыз Республикасынын Улутстаткому тарабынан Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан мейманканалардын кызматтарын көрсөтүү боюнча ишмердикти ишке ашырган субъектерге (юридикалык жана жеке жактарга) толук бир жолку текшерүү жүргүзүлдү. Бардыгы болуп Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан 90дон көп мейманкана текшерилди.

Байкоонун жыйынтыгы 2015-ж. 10-июнунан кийин жалпыга жарыяланат.

 

     

      Айлана-чөйрө жана                                             e-mail: korozbaeva@stat.kg

      МКТ статистикасы бөлүмү                                        тел.: +996 (312) 32 46 91


Акыркы жаңылоо: 01.07.2015, 10:04