2020-жылы боло турган эл жана турак жай фондун каттоо маселелери боюнча координаторлорду окутуу семинарынын биринчи этапы өттү

Басылмалардын датасы: 02.03.2020


Улутстаткомдун аймактык бөлүмдөрүндө үстүбүздөгү жылдын 25-февралынан 29-февралына чейин координаторлор үчүн окутуучу семинарлардын серияларынын биринчи этабы өткөрүлдү. Семинарлардын жүрүшүндө координаторлордун милдеттерин, мобилдик тиркемеде камтылган электрондук суроо барактарынын мазмунун, ошондой эле аларды толтуруу тартибин жана башка суроолорду деталдуу түрдө кароо пландаштырылган.

Ошону менен бирге, каттоо иштерине тартылган 500дөн ашык координаторлор окутуудан өтүштү.

 


Акыркы жаңылоо: 04.03.2020, 15:50