2019-жылдын 29-майында Жогорку Кеӊеш жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору
Басылмалардын датасы: 29.05.2019
Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 2,3- окууда кабыл алынды. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин басмасөз кызматы билдирди.
КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:
- “Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Мадеминов М.Г., Турусбеков Б.С.);
- “Кыргыз Республикасынын расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Мадеминов М.Г., Турусбеков Б.С.);
2-ОКУУДА АБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:
- “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.02.19дагы № 95 токтом);
- “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.04.18деги № 210 токтом);
Кабыл алынган Жогорку Кеӊештин токтому:
- “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 2730-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.