Аба-ырайынын жагымдуу шарттары айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түздү

Басылмалардын датасы: 12.09.2024


Үстүбүздөгү жылдын 23-августуна карата 404,9 миң гектар аянттан дан эгиндери (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречкасыз) жыйналды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,5 пайызга көп. Мында алгачкы кабыл алынган салмакта 1165,7 миң тонна дан жыйналды, бул өткөн жылдын тийиштүү күнүнө караганда 60,6 пайызга көп.
 
Жалпы республика боюнча дан эгиндердин чаап-жыйноо аянты, жыйнала турган аянтына карата 67,2 пайызга жакын  болуп түзүлдү, анын ичинде Чүй облусунун чарбаларында – 78 пайыз, Баткен облусунда – 70,3 пайыз жана Ош облусунда – 67,6 пайызды түздү.
        
   23-августка карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналышы
(миң тонна)

 

Иш жүзүндө

Пайыз менен өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата

2023

2024

Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак   

    өсүмдүктөрү, күрүч жана гречкасыз), миң га

394,8

404,9

102,5

Бастырылган дан - бардыгы (алгачкы кабыл алынган   салмакта

 725,9

1165,7

160,6

1 гектардан, ц

18,4

28,8

156,5

 бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган салмакта)

365,9

575,1

157,1

1 гектардан, ц

  19,2

29,1

151,6

 бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган салмакта)

277,5

504,1

181,7

1 гектардан, ц

    14,5

26,0

179,3

Бастырылган дан буурчак (алгачкы кабыл алынган салмакта)

  4,8

4,0

84,0

Бастырылган май өсүмдүктөрү (алгачкы кабыл алынган салмакта)

  4,7

4,1

87,1

Жыйналган картошка

284,0

320,0

112,7

Жыйналган жашылча өсүмдүктөрү

603,0

639,5

106,1

Жыйналган бакча өсүмдүктөрү

193,2

226,0

117,0

Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү

  99,8

115,8

116,1

 

Үстүбүздөгү жылдын вегетация мезгилиндеги жагымдуу аба ырайы арпанын дүң жыйымынын (81,7 пайызга), буудайдын (57,1 пайызга), бакча өсүмдүктөрү (17 пайызга), мөмө жемиш өсүмдүктөрү  (16,1 пайызга), картошканын (12,7 пайызга) жана жашылча өсүмдүктөрү (6,1 пайызга)  олуттуу  көбөйүшүнө  өбөлгө түздү.
 
Жаздагы температуранын өзгөрүшү дан буурчак жана май өсүмдүктөрүнө таасирин тийгизген. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 23-августуна карата 2,3 миң гектар аянттан дан буурчак өсүмдүктөрү жыйналды, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата 19 пайызга аз, ал эми май өсүмдүктөрү 3,7 миң гектар аянттан жыйналды, же 21,8 пайызга аз.
Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43
 
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
 

Акыркы жаңылоо: 12.09.2024, 15:52