Басылмалардын датасы: 10.05.2025
10-майда Кыргызстандын банк системасынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилөөгө байланыштуу жооптуу иши үчүн куттуктоолорду жана ыраазычылыктарды алышат.
Республиканын банк сектору экономиканын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана экономиканын өсүшүнө финансылык туруктуулукту камсыз кылууга жана жарандарыбыздын банк тутумуна болгон ишенимин сактоого чоң салым кошуп жатат.
2024-жылдын 31-декабрынын абалына карата республиканын банк тутумунда Улуттук банк жана 21 коммерциялык банк, анын ичинде чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен 11 банк иш жүргүздү. Республиканын региондорунда алардын 320 филиалы иштеген. Банк сегментинде иштеген кызматкерлердин саны 24 миңге жакын адамды түзгөн, ал эми банктардын кардарларынын эсептеринин саны 15 миллиондон ашты. Мында өткөн жылдагы кардарлардын эсептеринин саны 3,6 млн. эсепке (же 32%га) көбөйгөн, бул мобилдик банкинг системасынын өнүгүшүнө байланыштуу болду.
2024-жылы финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү кызматкерлердин чегерилген номиналдуу орточо айлык эмгек акысы мурунку жылдын деңгээлине салыштырмалуу төрттөн бирине көбөйүп, 75 870 сомду түзгөн.
2024-жылы банк секторунун кирешелери мурунку жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйүп, 174 млрд. сомдон ашты.
Экономиканын банк секторунун ишмердигинин көрсөткүчтөрү
(млрд. сом)
|
2023
|
2024
|
Кирешелер
|
107,4
|
174,2
|
Чыгымдар
|
68,6
|
94,9
|
Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык
|
38,7
|
79,2
|
Активдер
|
1 058,8
|
1 364,3
|
Милдеттенмелер
|
881,6
|
1 109,3
|
Капитал
|
177,2
|
255,0
|
анын ичинде уставдык капитал
|
63,5
|
76,9
|
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча банк тутумунда 79 млрд. сомдон ашык сальдолоштурулган пайда алынды, бул мурунку жылдын көлөмүнөн 2 эсеге (же 40,5 млрд. сомго) көп. Пайданын негизги өсүшү Улуттук банк тарабынан камсыз кылынган.
Экономиканын банк секторунун суммардык активдери бир жылдын ичинде дээрлик 29%га көбөйдү жана 2024-жылдын аягына карата 1 трлн. 364 млрд. сомду түздү, мында алардын ИДПга карата үлүшү дээрлик 90%га жетти. Активдердин наркынын 60%га жакыны коммерциялык банктар, ал эми 40%ы Улуттук банк тарабынан түзүлдү.
___________________________________________________________________________________
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).