Цифралар жана фактылар. Байланыш кызматкерлеринин күнү

Басылмалардын датасы: 05.05.2025


Байланыш статистикасы боюнча алгачкы расмий маалыматтар 1937-жылы Улуу Октябрь революциясынын 20 жылдыгына карата басылып чыккан кыскача статистикалык маалымдамада жарыяланган. Анда берилген статистикалык маалыматтарга ылайык,    1935-жылдын 1-январына карата республикада 31 почтамт жана байланыш бөлүмү,197 почта агенттиги жана 632 почта ящиги эсепке алынган. Почта продукциясын айыл жергесинде таратуу ошол кезде атчан (177 адам) жана жөө (342 адам) кат ташуучулар тарабынан жүргүзүлгөн.
 
Акыркы он жылдыкта республиканын байланыш тармагында маалыматык-коммуникациялык технологиялардын кириши менен шартталган чоң өзгөрүүлөр байкалды. Ошол эле учурда мобилдик байланыш тармагына кошулган абоненттердин санынын өсүү тенденциясы байкалды, ал эми стационардык байланыштын абоненттеринин саны тескеринче туруктуу түрдө төмөндөдү.
 
Алсак, 2012-жылы 1000 адамга 84 стационардык телефон жана 993 уюлдук байланыш телефону туура келсе, 2024-жылы стационардык телефондордун саны 1000 адамга 22ге чейин азайган, ал эми мобилдик номерлердин саны 1061ге жеткен.
 
Стационардык жана мобилдик телефон тармактарынын абоненттеринин саны*
(Миң)
* Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министирлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматтары боюнча
 
2024-жылы республиканын аймагында 757 телефон станциясы иштеген, анын ичинен 545си - шаар жерлеринде жана 212и-айыл жерлеринде.
 
Ыкчам маалыматтар боюнча, байланыш кызматтарынын көлөмү 2024-жылы 36 млрд.сомдон ашыкты түзгөн, ал эми мындай кызматтардын үлүшүнө ИДПнын жалпы көлөмүндө 2,4 пайыз туура келген.

______________________________________________________________

Соода жана кызмат көрсөтүүлөр, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана туризм статистикасы башкармалыгы | e-mail: ltekeeva@stat.kg |    тел. + 996 (312) 324 725, 324 650

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 06.05.2025, 10:11