Коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү учурунда көрүлүүчү аракеттер
Басылмалардын датасы: 15.09.2026
2026-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан «Коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө билдирүү тартибин бекитүү тууралуу» № 537 токтом кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети коррупцияга каршы талаптарды сактоонун жана коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүнө жол бербөөнүн маанилүүлүгүн белгилейт.
Коррупциялык укук бузууну жасоого көндүрүү максатында кайрылуу болгон учурда, мыйзамсыз аракеттерге баруудан баш тартып, мындай факт жөнүндө белгиленген тартипте өз убагында билдирүү зарыл.
Кабарлоо тартиби мындай фактылар жөнүндө билдирүүлөрдү берүүнүн, аларды каттоонун жана кароонун бирдиктүү жол-жобосун белгилейт.
Жарандарга маалымат берүү жана алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү учурунда көрүлүүчү аракеттер боюнча түшүндүрмөлөр камтылган видеоматериал сунушталат.
Видеоматериал: https://www.instagram.com/reel/DdQ-f-SN1RK/?utm_source=ig_web_copy_link&stkn=MzRlODBiNWFlZA==
