Кыргыз Республикасынын делегациясы статистиканы өндүрүүчүлөрдүн жана колдонуучулардын Эл аралык Форумунун ишине жана КМШга мүчө мамлекеттердин Статистикалык ведомстволорунун башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты

Басылмалардын датасы: 18.09.2023


Кыргыз Республикасынын делегациясы 2023-жылдын 12-сентябрынан 14-сентябрына чейинки мезгилде Санкт-Петербург шаарында өткөн статистиканы өндүрүүчүлөрдүн жана колдонуучулардын Эл аралык Форумуна жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Статистикалык ведомстволорунун башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Форумдун жүрүшүндө "статистикалык өндүрүштү өркүндөтүү", "статистикадагы санариптик технологиялар", "колдонуучунун көз карашы боюнча заманбап статистика" жана "статистиканын адамдык потенциалын өнүктүрүү"сыяктуу актуалдуу темаларды камтыган бир нече сессиялар өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Б. Кудайбергенов биринчи сессияда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика системасын институттук жана уюштуруучулук реформалар маселелерине арналган презентация менен чыгып сүйлөдү.

Форумдун ишине КМШга катышкан мамлекеттердин улуттук статистикалык кызматтарынын өкүлдөрү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн, мамлекеттик башкаруу органдарынын, эксперттик жана илимий коомчулуктун, ишкерлердин, ЖМКлардын жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Бул иш-чара статистика жаатында тажрыйба жана билим алмашуу, ошондой эле статистикалык өндүрүштү жакшыртууга жана статистикада санариптик технологияларды колдонууга байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн аянтча болуп калды.

"КМШ статистикасын өнүктүрүү" Долбоорун ишке ашыруу боюнча иштин жүрүшү тууралуу маселелер Кеңештин отурумунда кеңири талкууланды. Мындан тышкары, Кеңештин мүчөлөрү бул Долбоор боюнча 2024-2025-жылдарга карата иш планын, ошондой эле валюталарды сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритетинин негизинде Эл аралык салыштыруулар программасынын алкагында КМШ аймагында ИДПны жылдык салыштырууга өтүүнү талкуулашты.  


Акыркы жаңылоо: 19.09.2023, 10:24