Сандар жана фактылар. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарынын кызматкерлеринин күнү.

Басылмалардын датасы: 22.06.2024


    Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун ролун жогорулатуу максатында, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын өлкөнүн өнүгүү процессине кошкон салымын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы токтому менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү бекитилген.

     2024-жылдын башына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин саны (коргоо, коомдук тартип жана коопсуздукту камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын маалыматтарын кошпогондо) 19 миңден ашкан, анын ичинен 42 пайыздан ашыгын аялдар түзөт.

2024-жылдын башына карата мамлекеттик кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматкерлердин саны
 

(жыйынтыкка карата пайыз менен)

                            

   Мурунку жылдардагыдай эле мамлекеттик кызматта иштеген эркектердин басымдуу болушу мамлекеттик башкаруу (58%) жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында (63%) сакталууда.

    2024-жылдын башына карата жалпы мамлекеттик кызматкерлердин жарымынан көбү (56%)  Бишкек шаарында иштешет.

2024-жылдын башына карата мамлекеттик кызматкерлердин аймактар боюнча саны

                                                           (адам)

 

Мамлекеттик
кызматке
рлер

анын ичинен кызмат орду боюнча

саясий жана атайын

административдик

Кыргыз Республикасы

19 374

1 353

18 021

Баткен облусу

771

32

739

Жалал-Абад облусу

1 739

85

1 654

Ысык-Көл облусу

1 021

41

980

Нарын облусу

886

41

845

Ош облусу

1 061

49

1 012

Талас облусу

674

36

638

Чүй облусу

1 232

27

1 205

Бишкек ш.

10 882

990

9 892

Ош ш.

1 108

52

1 056

    2023-жылы республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 10 миңге жакын адам иштеди, алардын ичинен  8 миңге жакыны муниципалдык кызматкерлер болуп саналат. Муниципалдык кызматкерлердин жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын аялдар түзөт.

     2024-жылдын 1-январына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдарында иштегендердин саны
(адам)

 

Бардыгы

Саясий муниципалдык кызматтарда иштегендердин саны

 Административдик муниципалдык кызматтагылардын саны

Имараттарды коргоо жана тейлөө кызматкерлеринин саны

Кыргыз Республикасы

9 945

487

7 952

1 506

Баткен облусу

996

44

790

162

Жалал-Абад облусу

2 056

98

1 677

281

Ысык-Көл облусу

1 069

58

856

155

Нарын облусу

711

29

550

132

Ош облусу

2 253

92

1 908

253

Талас облусу

617

39

432

146

Чүй облусу

1 781

113

1 383

285

Бишкек ш.

360

9

284

67

Ош ш.

102

5

72

25

 

   Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүн белгилөө маанилүү функционалдуу коомдук процесстерди уюштуруу жана башкаруу менен байланышкан маанилүү функционалдык милдеттерди чечүүгө орчундуу салым кошкон адистерге урмат көрсөтүү болуп саналат. Кесипкөйлүктүн жогорку деңгээли, кынтыксыз ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик мамлекеттик аппараттарда жана муниципалдык кызматтарда иштегендерге мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлинде эффективдүү башкарууну туура уюштурууга мүмкүнчүлүк берет.

    Маанилүү мамлекеттик маалыматтык тутум болуп саналган Кыргыз Республикасынын улуттук статистика тутуму базар экономикасынын заманбап талаптарына  жооп берет жана мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык, экологиялык абалы туралуу керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.

__________________________________________________________________________

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн  кайрылыңыздар:

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: + 996 (312) 664038 e-mail: smi_nsc@stat.gov.kg,  Дареги: Фрунзе  көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилишет).


Акыркы жаңылоо: 28.06.2024, 10:35