Билим күнү сандар жана фактыларда

Басылмалардын датасы: 02.09.2024


Быйыл Кыргызстанда Билим күнү 2-сентябрда белгиленди.
Республиканын мамлекеттик бюджетинин чыгашаларынын көлөмүндө билим берүүгө жумшалуучу чыгымдардын үлүшү бир кыйла маанилүү болуп саналат жана өткөн беш жылда 20% жакынды түздү.
 
Балдарды мектепке даярдоодо эң маанилүү фактор болуп мектепке чейинки окутуу саналат. Республиканын мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдардын саны 2019-жылга салыштырмалуу 12,5% көбөйдү жана 2023-жылы 234 миңге жакын болду. Ошол эле учурда 2020-жылы мектепке чейинки уюмдарга барган балдардын үлүшү 28,3% түзгөн, ал эми 2020-жылы ал 22% болгон. Мындай төмөндөө республиканын билим берүү уюмдарында коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөө чараларын киргизүү менен шартталган.
 
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барган балдардын үлүшү
 (1-6 жаштагы балдардын тиешелүү курактык тобуна карата пайыз менен)
 
2023/2024-окуу жылынын башталышында республикада 2 377 орто жалпы билим берүүнүн күндүзгү уюмдары иштеген. Акыркы беш жылда окуучулардын саны 14% көбөйгөн жана 1,5 млн.адамды түзгөн, алардын ичинде 49% - кыздар жана 51% - балдар.
 
2023/2024-окуу жылында биринчи класска 154 миңден ашык окуучу кабыл алынган, бул 2019/2020-окуу жылына салыштырмалуу 6% көп.
 
Орто жалпы билим берүүнүн күндүзгү уюмдарынын жана алардагы окуучулардын саны
 
 
2023-жылы республикада 100 билим берүүчү баштапкы кесиптик билим берүү уюмдары иштеп, аларда 30 миңге жакын окуучу окуган. Жыл сайын мындай уюмдардын 9 миңге жакын окуучусу кесип алуу менен бирге толук орто билими тууралуу аттестат алышат. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө кесиби боюнча квалификация ыйгарылат. Алар негизинен, акыркы жылдары ушул кесиптерге карата суроо-талап көбөйгөн электромонтажниктер, автомеханиктер, электр газ менен ширетүүчүлөр, кийим тигүүчүлөр, айдоочулар, слесарлар, жыгач усталар, ашпозчулар, бухгалтерлер, улуттук буюмдарды даярдоочулар жана башкалар. Жалпысынан алганда, 2023-жылы кесиптик лицейлерди (окуу жайларды) аяктаган квалификациалуу жумушчулардын саны, 5 жыл ичинде 28 пайызга кыскаруу менен 20 миңден ашык адамды түздү.
 
2023-жылы республиканын аймагында 135 орто кесиптик билим берүү уюмдары иш алып барды жана аларда 121 миңге жакын (2019-жылы – 91 миңден ашык) студенттер билим алууда. 2023/2024-окуу жылында көбүрөөк белгилүү болгон адистиктер: билим берүү, саламаттык сактоо, ошондой эле экономика жана башкаруу болуп саналды.
 
2023/2024-окуу жылынын башында республикада жогорку кесиптик билим берүү боюнча 58 башкы жогорку окуу жайлардын (2019/2020-окуу жылында - 55 ЖОЖ) тармагынан турат. Аларда окуган студенттердин саны, 2019/2020-окуу жылынын башына салыштырмалуу 21% көбөйүү менен 223 миңге жакын адамды түздү.
 

_____________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042.
 
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 03.09.2024, 08:52