Экономиканын энергия сыйымдуулугу жана электр кубаттуулугу
Басылмалардын датасы: 06.01.2021
Улуттук экономиканын энергетикалык натыйжалуулугун аныктоочу эң маанилүү параметрлердин бири болуп ички дүң продуктунун энергиялык сыйымдуулугу жана калктын киши башына энергиянын керектөөсү саналат.
ИДПнын энергиялык сыйымдуулугу - бул ИДПнын көлөмүнө карата жалпы энергия керектөөсүнүн катышы катары аныкталат.
2019-жылы учурдагы рыноктук бааларда ИДПнын энергиялык сыйымдуулугу бир млн. сомго 21,6 тонна шарттуу отунду түздү жана 2015-жылга салыштырмалуу бир млн. сомго 5,1 тонна шарттуу отунга төмөндөдү. 2019-жылы калктын киши башына энергиянын сарпталышы бир миң адамга 2,2 тонна шарттуу отунду түздү жана бир миң адамга 0,2 тонна шарттуу отунга өстү.
ИДПнын энергия сыйымдуулугунун өзгөрүүсү
2019-жылы учурдагы рыноктук бааларда ИДПнын электр кубаттуулугу бир млн. сомго 24,4 миң киловатт-саат туура келген жана 2015-жылга салыштырмалуу бир млн. сомго 7,1 миң киловатт-саатка төмөндөгөн.
ИДПнын электр кубаттуулугунун өзгөрүүсү
____________________________________________________________________________________________________
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).