Кыргызстандын Улутстаткому менен Кореянын Статистика башкармалыгы статистикалык потенциалды өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорду баштайт

Басылмалардын датасы: 05.06.2024


2024-жылдын 5-июнунда “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин статистикалык потенциалын күчөтүү” долбоорун расмий ишке киргизүү аземи болуп өттү. Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Корея Республикасынын Статистика башкармалыгы тарабынан 2024-2028-жылдар аралыгында Корея Өкмөтүнүн Өнүгүүгө расмий жардам көрсөтүү программасынын алкагында ишке ашырылып жатат.   

Долбоордун максаты Кыргызстандын статистикалык потенциалын күчөтүү, анын ичинде административдик маалыматтарды, маалыматтар базасын башкаруу системаларын пайдалануу, сапатты жана адам ресурстарын башкаруу, расмий статистиканы өндүрүүнүн натыйжалуулугу, ошондой эле респонденттердин ишинин оордугун азайтуу болуп саналат.

“Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жана жеке өзүмдүн атымдан Корея Республикасынын Статистика башкармалыгына активдүү кызматташтыгы үчүн терең урматымды билдирем. Мырза Ким У Ёль  жана анын командасы менен өлкөбүздө жолугушуп отурабыз. Статистика тутумунун потенциалын чыңдоого, ИТ инфратүзүмүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетин тандап алганыңыздар үчүн биз абдан кубанычтабыз”, - деп белгилеп өттү Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов.

Бул долбоор 2022-жылы Улутстатком тарабынан берилген өтүнмөнүн негизинде ишке ашырылып жатат. 2024-жылдын башында Корея Өкмөтү жакынкы беш жыл ичинде Өнүгүүгө расмий жардам көрсөтүү программасынын алкагында колдоо көрсөтүүгө берилген өтүнмөнү жактырган. Долбоордун беш жылга каралган болжолдуу бюджети 5,5 млн. АКШ долларын түзөт. Долбоордун иш-чараларын ишке ашыруу үчүн Корея Республикасынын Статистика башкармалыгы тарабынан ачык конкурс аркылуу атайын бир компания тандалып алынган.  

“Статистикалык потенциалды күчөтүү” долбоору өлкөнүн статистикалык инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган жана Кыргызстандын улуттук статистикасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. 

 


Акыркы жаңылоо: 05.06.2024, 17:11