Кыргыз Республикасынын 2022 эл жана турак-жай фондун каттоого карата Улутстатком окутуунун экинчи этабын баштады

Басылмалардын датасы: 09.03.2022


Алдыдагы Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоого карата Улуттук статистика комитети республиканын жер-жерлеринде окутуунун экинчи этабын жүргүзө баштады. Бул этапта 2556 инструктор-текшерүүчү үч күндүк окутуудан өтөт.

Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдык көрүү максатында каттоочу персоналдын календарлык планын дыкат карап чыгуу пландалууда.

Республикабыздагы эл каттоону өз учурунда жана сапаттуу өткөрүү максатында буга чейин координаторлор окутуудан өтүшкөн. Жалпысынан окутуунун 3 этабы бар: алар координаторлорду, инструктор-текшерүүчүлөрдү жана каттоочуларды окутуу. Эл каттоого 28 миңге чукул адам тартылат.

Калкка суроо берүү тартиби менен ушул жылдын 25-мартынан  3-апрелге чейин  өлкөбүздө эл жана турак-жай фондун каттоо өткөрүлөт. Кыргызстандын алыскы аймактарында каттоо 2022-жылдын 23-апрелден -майга чейин өткөрүлөт.

 


Акыркы жаңылоо: 09.03.2022, 14:51