Улутстатком УКМКнын өкүлүнүн катышуусунда коррупцияга каршы мыйзам маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

Басылмалардын датасы: 13.02.2025


Бүгүн Улутстаткомдо "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алууга арналган кеңешме болуп өттү.
 
Кеңешмеге Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов, борбордук аппараттын кызматкерлери, ведомстволук уюмдардын жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) өкүлү катышышты. Аймактык статистика органдарынын жетекчилери иш-чарага онлайн форматта кошулушту.
 
Кеңешменин негизги темасы мамлекеттик сектордогу коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган жаңы мыйзамдын жоболорун түшүндүрүү болду.
 
Кабыл алынган Мыйзам мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында антикоррупциялык курсту ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Анда эгерде алар мурда коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылса, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кайрадан жумушка орношууну каалаган адамдар үчүн жазаны тактоо, санкцияларды катуулатуу жана чектөөлөрдү четтетүү каралган.
 
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 25-декабрында кабыл алынып, 2024-жылдын 31-декабрында күчүнө кирген.
 


Акыркы жаңылоо: 18.02.2025, 10:56