Улутстатком туруктуу өнүгүрүү максаттарынын көрсөткүчтөрүнүн мониторинги жана отчеттуулугу маселелери боюнча жолугушуу өткөрдү
Басылмалардын датасы: 12.02.2025

Улутстаткомдо туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрү үчүн мониторинг жана отчеттуулук системасын түзүүгө арналган ведомстволор аралык жумушчу топтун жолугушуусу болуп өттү. Ошондой эле, жолугушууга негизги мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү, ар түрдүү тармактардагы көз карандысыз эксперттер катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Улутстатком өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарын жана өлкө үчүн актуалдуулугун эске алуу менен кеңейтилген Кыргыз Республикасынын ТӨМ көрсөткүчтөрүнүн жаңыланган улуттук топтомун сунуштады. Көрсөткүчтөрдүн топтому 216 көрсөткүчтү камтыйт: 136 глобалдык, 59 улуттук жана 21 прокси.
2015-жылы Кыргыз Республикасы башка өлкөлөр сыяктуу эле туруктуу өнүгүүнүн глобалдуу максаттарына жетишүү боюнча өзүнө милдеттенме алган. 2030-жылдын күн тартиби 17 максатты, 169 милдетти жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн 248 көрсөткүчтү аныктайт.
БУУнун Статистикалык комиссиясынын чечимине ылайык, ТӨМдүн глобалдык көрсөткүчтөрүн чогултуу расмий статистиканын принциптерине ылайык стандартташтырылган жана салыштырылуучу маалыматтарга негизделиши керек. Улуттук статистикалык тутумдар маалыматтарды чогултууда жана ушул максаттарга жетүү үчүн далилдер базасын түзүүдө негизги ролду ойнойт.
Мындан тышкары, 2025-жылы Кыргызстан жогорку деңгээлдеги форумда экинчи ыктыярдуу серепти сунуштайт, анда өлкөнүн акыркы 5 жылдагы туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруудагы прогресс көрсөтүлөт, ошондой эле туруктуу өнүгүү жолундагы негизги чакырыктар баса белгиленет.
ТӨМдүн көрсөткүчтөрү Улутстаткомдун расмий сайтында жайгаштырылган.