Улутстатком беш өлкөнүн катышуусунда ТӨМ үчүн SDMX маалыматтарын алмашуу боюнча аймактык семинар өткөрүүдө

Басылмалардын датасы: 03.02.2025


Бүгүн, 3-февралда, Улутстаткомдо БУУнун Статистика бөлүмүнүн колдоосу менен Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүү үчүн SDMX (Статистикалык маалыматтарды жана метамаалыматтарды алмашуу стандарты) демилгесинин  алкагында статистикалык маалыматтарды жана метамаалыматтарды алмашуу боюнча аймактык семинар башталды.
 
6-февралга чейин созула турган семинарга Азербайжан, Казакстан, Монголия, Өзбекстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышууда. Төрт күн бою катышуучулар натыйжалуу маалымат алмашуу жана ТӨМдүн аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн SDMX стандартын киргизүү жана колдонуу маселелерин талкуулашат.
 
Семинар эки тилде — англис жана орус тилдеринде өтөт, бул бардык катышуучулар жана эксперттер үчүн ыңгайлуу баарлашууну камсыз кылмакчы. Семинардын жүрүшүндө ТӨМдүн улуттук отчеттуулук платформаларына жана маалыматтарды жайылтууга арналган сессиялар, SDMX маалымат моделинин маселелери, ТӨМдүн глобалдык маалымат структурасы жана SDMX колдонуу менен маалымат алмашуу каралган. Ошондой эле катышуучулар ТӨМдүн мониторингинде маалымдама метамаалыматтардын ролун талкуулашат.
 
Өз сөзүндө Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов туруктуу өнүгүүгө жана жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталган чечимдерди кабыл алуу үчүн сапаттуу, өз убагында жана салыштырылуучу маалыматтардын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал SDMX демилгеси өлкөлөр жана эл аралык уюмдар ортосундагы маалымат алмашууну стандартташтырууда негизги ролду ойной турганын белгиледи, бул ТӨМдүн мониторингине бирдиктүү мамилени камсыздоого мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, Кыргызстан SDMX стандартын киргизүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатат. Улутстаткомдун сайтында Open SDG платформасында 110 глобалдык жана 61 улуттук көрсөткүч SDMX форматында жайгаштырылган. Келечекте статистиканын башка тармактары үчүн SDMX колдонууну кеңейтүү жана бирдиктүү маалыматтар банкын түзүү пландаштырылууда.
 
Келген өкүлдөр өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, мыкты тажрыйбаларды талкуулашат жана статистика жаатында мындан аркы кызматташуу жолдорун белгилешет. Семинар аймактык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча биргелешкен ишке карай маанилүү кадам болуп калат.
 
SDMX  жөнүндө кошумча маалымат:
 
SDMX (Statistical Data and Metadata Exchange) — бул өлкөлөр менен Улуттук статистикалык агенттиктердин ортосунда статистикалык маалыматтарды жана метамаалыматтарды алмашуу боюнча эл аралык стандарт. Бул маалымат алмашуу процессин стандартташтырат, аны натыйжалуу, тез жана ачык кылат. Бул стандарт Туруктуу өнүгүү максаттарына мониторинг жүргүзүү үчүн өзгөчө маанилүү, анткени ар бир өлкө глобалдык мониторинг системасына оңой интеграцияланган маалыматтарды бериши керек.
 

Акыркы жаңылоо: 07.02.2025, 17:25