«Кыргыз Республикасындагы баалар» басмасы басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 16.09.2024


«2024-жылдын I-II кварталындагы Кыргыз Республикасындагы баалар» басылмасы керектөө рыногундагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары менен тарифтеринин деңгээлин жана өзгөрүүсүн мүнөздөгөн негизги көрсөткүчтөрдү, өнөр жай продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн жана сатып өткөрүлгөн айыл чарба продукцияларынын бааларынын индексин, байланыш жана жүк ташуу кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтеринин индекси камтыйт. Бул маалыматтар жалпы республика, бардык облустар жана Бишкек, Ош шаарлары боюнча көрсөтүлгөн. Айрым КМШ өлкөлөрүндөгү керектөө товарларынын негизги түрлөрүнүн орточо бааларынын деңгээли жөнүндө маалыматтар да берилди.

Бийлик жана башкаруу органдарынын кызматкерлери, экономистер, статистиктер жана башка категориядагы колдоонуучулар учун басылып чыгарылды.

Басылманын электрондук версиясы колдонуучулар үчүн Улутстаткомдун (www.stat.gov.kg) расмий сайтындагы "Басылмалар " бөлүмүндө төмөнкү https://www.stat.gov.kg/kg/publications/sbornik-ceny-v-kyrgyzskoj-respublike/  шилтеме боюнча жеткиликтүү.


Акыркы жаңылоо: 18.09.2024, 15:33