«2024-жылдагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо жөнүндө» жылдык басылма басууга даярдалды
Басылмалардын датасы: 30.01.2025
«2024-жылдагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо жөнүндө» жылдык басылма басууга даярдалды. Басылмада жалпы республика жана анын аймактары боюнча такталган маалыматтарга негизделген кеңири маалыматтар камтылган. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган аянттарынын өлчөмү, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы боюнча маалыматтар да берилген.
Басылмага жашылчалардын капуста, бадыраң, помидор, ашкана кызылчасы, сабиз, пияз, сарымсак, редиска, турп, жашылчалар (укроп, петрушка, сельдерей), башка жашылчалар (калемпир, баклажан), мөмө-жемиштердин – уругу дан дарактар (алма, алмурут, айва), данектүүлөр (кара өрүк, чие, гилас, өрүк, шабдалы, алча жана башкалар), жаңгактуу жемиштер (грек жаңгагы, бадам, мисте, фундук жана башкалар), субтропикалык өсүмдүктөр (инжир, курма, анар), жана кулпунай, малина, карагат, карлыгач, кара бүлдүркөн жана башкалардын түрлөрү боюнча өндүрүү тууралуу маалыматтар камтылган.
Басылма айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрү боюнча жыйналган аянттары, дүң түшүмү жана түшүмдүүлүгү жөнүндө маалыматтарды камтыган, республикадагы өсүмдүк өстүрүү тармагынын абалын мүнөздөгөн 75 ке жакын таблицаны камтыйт.
Басылманын электрондук версиясы колдонуучулар үчүн Улуттук статистика комитетинин расмий сайтынын
“Басылмалар” бөлүмүндө жеткиликтүү.
Айыл чарба статистикасы бөлүмү e-mail:gmursabekova@stat.kg
|тел. + 996 (312) 664043 |
Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg,
Дареги: Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).