«Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень» статистикалык басылмасынын 2026-жылдагы III чыгарылышы басууга даярдалды
Басылмалардын датасы: 26.11.2026
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень 2026-жылдын 9 айынын өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыздоо деңгээлинин талдоосун камтыйт. Бюллетенде азык-түлүктүн болуусу, аны өндүрүү жөнүндө материалдар, азык-түлүктүн жеткиликтүүлүк көрсөткүчтөрү, калктын адам башына алганда азык-түлүктүн керектөөсү жөнүндө маалыматтар бириктирилген жана тутумдаштырылган.
Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын сереби, тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалар жөнүндө маалымат, 2026-жылдын I жарым жылдыгындагы 5016 үй чарбаларынын интеграцияланган изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндө тамактануу теңдеми, ошондой эле азык-түлүктүк коопсуздук индикаторлору камтылган.
Басылманын электрондук версиясы Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында төмөнкү дарек боюнча колдонуучулар үчүн жеткиликтүү:
________________________________________________________________________________________________
|
Үй чарба статистикасы башкармалыгы
|
| e-mail: ykalymbetova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324655
|
Расмий статистикалык маалыматтарды жана тийиштүү метамаалыматтарды пайдаланган учурда пайдалануучулардын булагына таянууга милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамдын30-беренеси).
