Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун расмий статистика органдарынын кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу

Басылмалардын датасы: 25.04.2025


Урматтуу расмий статистиканын ардагерлери жана кызматкерлери!
 
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Статистика кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
 
Кыргызстандын улуттук статистикасынын тарыхы 1926-жылдан башталат, анда экономикалык жана социалдык маалыматтарды системалуу жыйноону жана иштеп чыгууну баштаган биринчи статистикалык орган түзүлгөн. Ошондон бери статистикалык система тынымсыз өнүгүп, заманбап, так жана суроо-талапка ээ болуп калды.
 
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети пайдалануучулардын кеңири чөйрөсү — мамлекеттик бийлик органдарынан тартып калкка чейин жана эл аралык коомчулук менен үзүрлүү өз ара аракеттенүүнү жөнгө салган Улуттук статистиканын натыйжалуу иштеп жаткан системасынын мисалы болуп саналат. 99 жыл аралыгында Улутстатком негиздүү башкаруу чечимдерин кабыл алууга көмөк көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын жана анын региондорунун социалдык-экономикалык абалы жөнүндө сапаттуу жана ишенимдүү маалыматтарды берип келет.
 
Өлкөнүн заманбап статистикалык системасы учурдагы чакырыктарга жана учурдун талаптарына жооп берген расмий маалыматтарды өндүрүүгө заманбап ыкмаларды киргизүү менен тынымсыз өркүндөтүүгө умтулууда. 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын расмий статистикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы ишенимдүү ишке ашырылууда, статистикалык системаны модернизациялоонун жана кайра уюштуруунун биринчи этабы аяктады.
 
Бүгүнкү күндө Улутстатком жыл сайын 4 миллиардга жакын статистикалык көрсөткүчтөрдү чогултууну жана иштеп чыгууну камсыз кылат, 28 миңден ашык статистикалык иштерди аткарат, республиканын жана анын аймактарынын экономикасын жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүнүн негизги маселелери боюнча 728 статистикалык жыйнактарды жана 900гө жакын экспресс-маалыматтарды жарыялайт.
 
Өлкөнүн статистикалык системасынын өкүлдөрү катары — жогорку кесипкөйлүгүңүздөр, ишиңиздерге болгон жоопкерчиликтүү мамилеңиздер жана өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин эмгегиңиздер мамлекеттик институттарга болгон ишенимди арттырууга жана коомдун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга зор мүмкүнчүлүк түзүүдө.
 
Урматтуу кесиптештер!
 
Сиздерге бекем ден соолук, чексиз дем-күч, кесиптик жана жеке максаттарыңыздарга жетүүдө ийгилик каалайм!
 
 
 
Терең урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Улуттук статистика комитетинин төрагасы
Бактыбек Кудайбергенов
 
 

Акыркы жаңылоо: 25.04.2025, 15:33