Басылмалардын датасы: 14.02.2025
Бүгүн, Улутстаткомдогу жумушчу миссиянын алкагында Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия өлкөлөрү үчүн региондук өнүктүрүү борборунун реалдуу сектор боюнча кеңешчиси Леван Гогоберишвили менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө кварталдык улуттук эсептерди эсептөө жана ички дүң продуктунун (ИДП) көрсөткүчтөрүн эл аралык стандарттарга ылайык жакшыртуу боюнча иштерди ийгиликтүү ишке ашыруу талкууланды. Леван Гогоберишвилинин Кыргыз Республикасындагы жумушчу миссиясы кварталдык улуттук эсептерди иштеп чыгуу жана түзүү процессине консультация берүү жана колдоо көрсөтүү болуп саналат. Бул өлкөдөгү экономикалык кырдаалды кыйла деталдуу талдоого жана статистикалык маалыматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Леван Гогоберишвили Улутстатком менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, продуктуларга салыктардын физикалык көлөмүнүн индекстерин эсептөө боюнча иштин оң натыйжаларын баса белгиледи, бул ИДПнын өсүү темпине оң таасирин тийгизди.
Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдирип:
"Биз Леван Гогоберишвили мырзанын статистикалык системабыздын өнүгүшүнө кошкон салымын жогору баалайбыз. Анын миссиясынын алкагында жасалган иштер эсептөө методологиясын жана маалыматтардын тактыгын жакшыртууга жардам берет. Бул аракеттер статистиканын сапатын жакшыртууга жана жакшыраак чечимдер үчүн экономикалык аналитиканы жогорулатууга өбөлгө түзөт.”- деп белгиледи.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы экономикалык процесстерди так болжолдоо жана талдоо үчүн улуттук статистиканы мындан ары өркүндөтүүнүн жана маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуунун мааниси баса белгиленди.


