ПРЕСС-АНОНС. 2024-жылдын январь-майындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 10.06.2024


Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Алдыдагы жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучуларына 2024-жылдын январь - май айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар менен бөлүшүп, 2023-жылдагы кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысы жөнүндө, 2023-жылдагы Кыргыз Республикасынын демографиялык кырдаалы жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын 2023-жылдагы калкты социалдык жактан камсыздоонун негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат беришет.

Өтө турган убактысы:      2024-жылдын 10-июну, башталышы саат 15:00

Өтө турган жери:    Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).

Баяндамачылар:

  • Шокенов Бакытбек Кубанычбекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
  • Джайлобаева Гульнара Жылкычиевна, - Эмгек жана иш менен камсыздоо статистикасы бөлүмүнүн башчысы.  
  • Абдуллаева Гульхумар Турсуновна - Демографиялык статистика бөлүмүнүн башчысы.
  • Рахманова Жылдыз Жалиловна - Социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы.

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Улутстаткомдун төрагасанын кеңешчисине кайрылыңыздар: тел.: 66-40-38, уюлдук тел.: 0(551) 44-32-11 Шеримбекова Жылдыз

Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: statistica.kg@gmail.com дарегине жазыңыздар.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 10.06.2024, 12:04