Басылмалардын датасы: 12.06.2025
Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында маалымат-жыйын өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Маалымат-жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери 2025-жылдын январь-май айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары тууралуу маалымат беришет. Мындан тышкары, 2024-жылдагы калкты социалдык камсыздоо системасынын негизги көрсөткүчтөрү, демографиялык абал жана кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысынын деңгээли тууралуу маалыматтар жарыяланат.
Дата: 13-июнь 2025-жыл
Убакыт: 10:00
Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).
Баяндамачылар:
-
Шокенов Бакытбек Кубанычбекович – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
-
Рахманова Жылдыз Жалиловна – социалдык статистика бөлүмүнүн бөлүм башчысы;
-
Мааткулова Жанара Байбосуновна – демографиялык статистика бөлүмүнүн бөлүм башчысы;
-
Джайлобаева Гульнара Жылкычиевна – эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистика бөлүмүнүн бөлүм башчысы.
Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, e-mail:
statistica.kg@gmail.com