Пресс-анонс: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын январь-февраль айлары боюнча социалдык-экономикалык абалы

Басылмалардын датасы: 09.03.2022


Ар бир айдын биринчи декадасында Улуттук статистика комитети республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомчулукту кабардар кылып туруу максатында, пресс-конференция өткөрүп турат. Анда мамлекеттик башкаруу органдары, жалпыга маалымдоо каражаттары, изилдөөчүлөр жана коомдук уюмдар жана башкалар пайдалана турган расмий статистикалык маалыматтар тааныштырылат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучулары менен Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын январь-февраль айлары боюнча социалдык-экономикалык абалдын жыйынтыктары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын айыл-чарба продукцияларын өндүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, 2021-жылга карата Кыргыз Республикасынын инвестициясынын түздөн-түз келип түшүүлөрү жөнүндө маалыматтар айтылат.

Басма сөз жыйынында Улуттук статкомдун кызматкерлери ушул жылдын жазында өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоо боюнча Улуттук статистика кызматы көрүп жаткан даярдыктар туурасында маалымат берилет.

Өтө турган убактысы: 2022-жылдын 10-марты,  Башталышы: саат 10.00

Өтө турган жери:: Улуттук статистика комитети, 720033, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374. 1-кабат (пресс-борбор)

Баяндамачылар:               

  • Турдубаева Ч.С., байланыш жана статистикалык маалыматтарды жыйынтыктоо бөлүмүнүн башчысы;
  • Чыныбаева Р.К., каттоолор статистикасы жана геомаалыматтык тутумдар бөлүмүнүн башчысы ;
  • Бирюкова В.И., инвестициялык статистика бөлүмүнүн башчысы ;
  • Мурсабекова Г.Т., айыл-чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Макешов М.М., коомчулук менен байланыш боюнча башкы адис;    
  • Арынов А.А., айыл-чарба статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси.

Мындан тышкары журналисттер кызыккан суроолору боюнча Улуттук статкомдун тиешелүү бөлүмдөрүнүн башчыларынан маалымат же кеңеш ала алышат.

Дагы толук маалымат алуу жана интервью уюштуруу үчүн басма сөз катчысы Макешов Мактумкули Макешовичке кайрылсаңыздар болот. тел.625747, (уюл: 070060-69-52) e-mail: 


Акыркы жаңылоо: 10.03.2022, 08:34