2024-жылы финансы секторунун уюмдарынын пайдасы эки эсе көбөйдү

Басылмалардын датасы: 18.04.2025


2024-жылы экономиканын финансы секторунда 626 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 21 коммерциялык банк, 586 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм, 16 камсыздандыруу компаниясы жана эки инвестициялык фонд ишмердигин жүргүзүштү.
 
2024-жылы экономиканын финансы секторундагы уюмдардын кирешелеринин көлөмү 2023-жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйүп, дээрлик 199 млрд. сомго жетти, бул банк секторунун кирешелеринин өсүүсү менен камсыздалды.
 
Экономиканын финансы секторундагы уюмдардын ишмердигинин көрсөткүчтөрү
 (млн. сом)
 
Кирешелер
Чыгымдар
Сальдолоштурулган
финансылык жыйынтык
2023
2024
2023
2024
2023
2024
Бардыгы
124 744,4
198 684,0
81 021,1
113 131,9
43 727,5
85 457,2
Банктар
107 372,8
174 188,0
68 640,1
94 914,6
38 741,5
79 196,3
Күрөөканалар
1 645,3
1 837,2
1 156,1
812,6
482,7
1 009,7
Кредиттик союздар
216,9
227,0
162,6
168,5
54,2
58,5
Микрокредиттик уюмдар
11 668,4
15 204,1
7 654,6
11 284,6
4 015,8
3 916,6
Камсыздандыруу уюмдар
3 784,6
7 173,0
3 365,8
5 919,6
418,8
1 253,4
Инвестициялык фонддор
7,2
7,4
1,6
1,4
5,6
6,0
Башка уюмдар
49,2
47,3
40,3
30,6
8,9
16,7
 
2024-жылы финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынын 64%ын түздү, ал эми уюмдардын 16%га жакыны чыгаша тартты.
 
Өткөн жылдын жыйынтыгы менен экономиканын финансы секторунда 85,5 млрд. сом пайда өлчөмүндө оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды, бул 2023-жылга караганда дээрлик 2 эсеге көп. Пайданын негизги өсүүсү Улуттук банк тарабынан камсыздалды.
 
Экономиканын финансы секторунун уюмдарынын суммардык активдери бир жылдын ичинде 29%га же 325 млрд. сомго көбөйдү жана 2024-жылдын аягына карата 1 441,5 млрд. сомду түздү. Алардын кирешелүүлүгү 6,7% өлчөмүндө аныкталды, мында алардын эң жогорку деңгээли күрөөканалардын (24%га жакын) жана камсыздандыруу уюмдардын (13%) арасында байкалды.
 
Ошондой эле 2024-жылы финансы секторунун уюмдарынын капиталынын наркы (42%га) көбөйдү, анын суммардык көлөмү жылдын аягына карата 296 млрд. сомду түздү. Капиталдын наркысынын көбөйүшү Улуттук банкта (52,5 млрд. сомго), коммерциялык банктарда (25 млрд.) жана микрокредиттик уюмдарда (8 млрд. сомго) белгиленди.
 
_____________________________________________________________________________________
Финансы  жана баалар статистикасы башкармалыгы        |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312) 626073, 625591
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 18.04.2025, 10:21