Республиканын камсыздандыруу компанияларынын пайдасы 1,7 эсе өстү
Басылмалардын датасы: 20.04.2026
2025-жылы республиканын финансы секторунда 19 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүзүштү. Алардын кирешелери 2024-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге өсүп, 12,2 млрд. сомду түздү. Мында кирешелердин негизги көлөмү (анын жалпы суммасынын 83,6%ы) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды. Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары 4,2 млрд сомго көбөйүп, 10 млрд сомдон ашыгыраак сумманы түздү.
Жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 2 млрд. сомдон көбүрөөк сальдолоштурулган пайда алынган, бул 2024-жылга караганда 837,5 млн. сомго көп.
2025-жылы камсыздандыруу компаниялары тарабынан 3,4 млн. камсыздандыруу келишими түзүлдү, бул 2024-жылга салыштырмалуу 2 эсеге көп. Мында түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 88,6%ы жеке жактар менен, 11,4%ы юридикалык жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди.
Түзүлгөн келишимдердин жарымы оорулардан жана кокустан болгон кырсыктан ыктыярдуу жеке камсыздандырууга, 33 пайызы - ОСАГОго жана 11 пайызы - жарандардын кыймылсыз мүлкүн милдеттүү камсыздандырууга туура келди.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 2 эсеге көбөйүп, 2025-жылы 10,2 млрд. сомду түздү. Мында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 25,6 пайызы чарба жүргүзүүчү субъекттердин мүлкүн ыктыярдуу камсыздандыруу келишимдери боюнча келип түшүүлөрдүн эсебинен түзүлдү.
2025-жылы 33,4 миң камсыздандыруу учуру катталган, алардын ичинен 52%ы кокустан болгон кырсыктан жана оорулардан ыктыярдуу жеке камсыздандырууга туура келди.
Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 1,4 млрд. сомго түздү. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасынын 58%ы ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга, 23%ы ОСАГО, жана 7%ы жеке медициналык камсыздандырууга туура келген.
Финансы жана баалар статистикасы башкармалыгы/e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; /тел. + 996 (312) 625591
2026-жылдын 17-апрели
