2025-жылдагы айыл чарба кооперативдери тарабынан өндүрүлгөн айыл чарба продукциясы
Басылмалардын датасы: 10.07.2026
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети өзүнүн расмий сайтында айыл чарба кооперативдери тарабынан өндүрүлгөн айыл чарба продукциясы боюнча кеңири статистикалык маалыматты биринчи жолу жарыялады.
Жарыяланган таблицаларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактары боюнча айыл чарба кооперативдеринин саны, ошондой эле 2025-жылы өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын түрлөрү боюнча көлөмү 2024-жылдагы көрсөткүчтөр менен салыштырылып берилген.
Иштелип чыккан маалыматтардын негизинде республиканын региондору боюнча Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) 2.3.2.a улуттук көрсөткүчү «Айыл чарба кооперативдери тарабынан өндүрүлгөн продукциянын республикада өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмүндөгү үлүшү» эсептелди.
Толук маалымат Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий сайтындагы «Айыл чарбасы» бөлүмүндө жайгаштырылган: https://stat.gov.kg/kg/statistics/selskoe-hozyajstvo/.
