Баалардын жана тарифтердин жогорулашы ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө байкалган

Басылмалардын датасы: 18.11.2025


Статистикалык кызматтардын маалыматы боюнча, 2025-жылдын октябрында өткөн айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган. Кыргыз Республикасында баанын өсүшү (1,5 пайызга) белгиленди. Бул азык-түлүк эмес товарлардын (2,2 пайызга) жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (2,4 пайызга) өсүшүнө байланыштуу жогорулаган.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли

(пайыз, өсүшү +; төмөндөшү-)

  Октябрь Октябрь Октябрдагы өсүүнүн (төмөндөшү) орточо айлык темптери 
үстүбүздөгү жылдын сентябрына өткөн жылдын декабрына карата
2024 2025 2024 2025 2024 2025
Армения 0,3 0,3 -0,8 1,4 -0,1 0,1
Беларусь 0,5 0,3 4,3 6,1 0,4 0,6
Казакстан 0,9 0,5 6,6 10,5 0,7 1,0
Кыргызстан 0,7 1,5 4,2 7,1 0,4 0,7
Россия 0,8 0,5 6,6 4,8 0,6 0,5

2025-жылдын октябрында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (10,5 пайыз) Казахстан Республикасында катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (11,0 пайызга), азык-түлүк эмес товарларга (9,3 пайызга), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (11,0 пайызга) жогорулашы менен шартталган.

2025-жылдын октябрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн топтору боюнча инфляциянын деңгээли

(пайыз, өсүшү +; төмөндөшү-)

 

  Бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр анын ичинде:
азык-түлүк товарлар1 азык-түлүк эмес товарлар кызмат көрсөтүүлөр
  Мурунку айга карата
Армения 0,3 0,7 0,4 -0,3
Беларусь 0,3 0,8 -0,1 0,0
Казакстан 0,5 1,0 1,2 -0,8
Кыргызстан 1,5 1,0 2,2 2,4
Россия 0,5 1,1 0,7 -0,4
  Былтыркы жылдын декабырына карата
Армения 1,4 0,7 0,3 3,1
Беларусь 6,1 7,7 2,8 7,5
Казакстан 10,5 11 9,3 11
Кыргызстан 7,1 7,3 5,6 8,9
Россия 4,8 4,1 2,5 8,8
1 Алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди кошкондо.

_______________________________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү               |e-mail: ceny@stat.kg;            |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 18.11.2025, 12:58