Басылмалардын датасы: 15.12.2025
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоолор боюнча 2025-жылдын январь-ноябрында өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 10,2 пайызга жогорулап, бир триллион 628,6 млрд. сомду түздү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2024-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу фармацевтикалык продукциялардын (1,9 эсеге), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (34,5 пайызга), жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияларынын (33,7 пайызга), тамак-ашазыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн
(27,8 пайызга) химиялык продукциялардын (21,5 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн, кийим өндүрүрүшүнүн (9,6 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу (15,3 пайызга) көбөйүшү менен камсыздалды.

Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 29,0 пайызды, дүң жана чекене соода – 9,5 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 2,0 пайызды түздү.
Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 8,3 пайызды түздү. Мында, баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 8,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 7,9 пайызга, азык-түлүк эмес азыктарга – 7,0 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 9,1 пайызга жогорулаган.
Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык аймактарында байкалды. Мында, баалардын эң жогорку өсүшү (10,7 пайыз) Ош шаарында азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын жогорулашынын эсебинен (10,7 пайызга) катталган. Тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын эң жогорку өсүшү (12,0 пайызга) Чүй облусунда, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына (14,2 пайызга) Ысык-Көл облусунда жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерине (10,6 пайызга) Талас облусунда белгиленген.
Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-октябрында 12 803,5 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 10,6 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 38,2 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 0,3 пайызгы төмөндөдү.
2025-жылдын январь-октябрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү эң көп үлүшү Россияга (64,3 пайыз) жана Казакстанга (33,2 пайыз) туура келди.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)
Импорт Экспорт


***
Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн кайрылыңыздар:
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: +996(312)625747
e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилишет).
Презентациялар: