Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери мамлекеттик органдардын арасында өтүп жаткан Спартакиадага катышууда
Басылмалардын датасы: 14.10.2026
Үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин арасындагы Спартакиаданын аземдүү ачылыш аземи болуп өттү.
Спартакиаданын алкагында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тогуз коргоол, үстөл тенниси, шахмат, эркектер жана аялдар арасындагы волейбол, ошондой эле футбол сыяктуу спорт түрлөрү боюнча күч сынашууда.
Бул спорттук иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери да катышып, мекеменин намысын коргоп жатышат.
Байгелүү орундарды ээлеген командаларга төмөнкүдөй акчалай сыйлыктар каралган:
1-орун - 300 000 сом;
2-орун - 200 000 сом;
3-орун - 100 000 сом.
Спартакиада 2026-жылдын 19-октябрына чейин уланат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлерине ийгиликтерди, бекем командалык духту жана бийик спортук жетишкендиктерди каалайбыз!




