Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери жетекчиликтин башчылыгы алдында Көк-Жар айылында кезектеги ишембиликке катышышты

Басылмалардын датасы: 18.04.2026


2026-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери жетекчиликтин башчылыгы алдында айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо жана аймакта тазалык менен тартипти камсыз кылууга багытталган ишембиликке катышышты.
 
Иш-чаранын алкагында аймак тазаланып, тиричилик калдыктары жыйналып чыгарылды, ошондой эле чектеш аймактар иретке келтирилди. Мындай демилгелер экологиялык жоопкерчиликти калыптандырууга жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого өбөлгө түзөт.
 
Тазалык ар бирибизден башталат!
 
 
 
 
 

Акыркы жаңылоо: 18.04.2026, 18:11