Гендердик статистиканы өркүндөтүү: Кыргызстандын улуттук статистикасынын негизги артыкчылыктардын бири болуп саналат

Басылмалардын датасы: 28.06.2024


Бишкек . 27-28-июнь күндөрү  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (КР УСК) Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн "БУУ-Аялдар"   түзүмүнүн  "Ар бир аял жана кыз маанилүү" региондук программасынын колдоосу менен гендердик статистиканы жакшыртуу үчүн жол картасын жана Улуттук гендердик көрсөткүчтөрдүн комплекстүү тутумун  иштеп чыгуу боюнча прогрессти талкуулоо максатында гендердик статистиканы жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун өкүлдөрү менен консультативдик жолугушууларды өткөрдү. Консультативдик жолугушууларга мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, илимий чөйрөнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын 20га жакын өкүлү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар маалыматтарды бөлүүнүн зарыл параметрлерин аныктоо максатында калктын өтө аялуу категорияларын аныктоонун негизги критерийлерин талкуулашты. Талкуулар стратегиялык пландаштыруу боюнча семинардын жыйынтыгына ылайык гендердик теңчилик жаатындагы өнүгүүнүн алты артыкчылыктуу багытына арналды:

            1) экономикалык укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү;

            2) билим берүү;

            3) саламаттыкты сактоо жана коштоочу кызмат көрсөтүүлөр;

            4) коомдук турмуш жана чечимдерди кабыл алуу;

            5) аялдардын жана кыздардын укуктары;

            6) климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрө.

Катышуучулар  “Эч кимди артта калтырбоо” принциби боюнча отчеттуулук үчүн интерсекционалдык талдоону жүргүзүү жана кошумча маалыматтарды алуу үчүн бөлүнгөн гендердик маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн негизги критерийлер жана ыкмалар менен да таанышышты.

 Бул консультациялар 2024-жылдын март айында өткөрүлгөн  гендердик статистиканы стратегиялык жактан пландаштыруу  боюнча үч күндүк семинардын уландысы болуп саналат, анын жүрүшүндө гендердик статистиканы өркүндөтүүнүн багыттары, миссиясы  жана стратегиялык артыкчылыктары талкууланган. Мындан тышкары, 2024-жылдын 13-мартынан тартып май айынын аягына чейинки мезгилде Улутстатком тарабынан гендердик теңчилик жаатында өнүктүрүүнүн алты артыкчылыктуу багытына ылайык саясатты иштеп чыгуу үчүн гендердик маалыматтарга муктаждыктар жөнүндө маалыматтарды кошумча чогултуу боюнча иштер камсыз кылынды.

Талкуулоолордун жыйынтыктары республикада Гендердик статистиканы жакшыртуу боюнча улуттук жол картаны, ошондой эле Жол картаны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын жана гендердик теңчиликке жетишүүдө прогрессти өлчөө үчүн Гендердик көрсөткүчтөрдүн улуттук тутумун андан ары иштеп чыгуу үчүн негиз катары кызмат кылат. Бул стратегиялык документтерди жарыялоо 2024-жылдын октябрь айына пландаштырылган.

 


Акыркы жаңылоо: 02.07.2024, 17:39