Статистика боюнча кеңеш расмий статистиканы өнүктүрүүнү жана иштин жаңы багыттарын талкуулады
Басылмалардын датасы: 07.10.2026
2026-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин бешинчи отуруму болуп өттү.
Отурумга Статистика боюнча кеңештин мүчөлөрү, Улутстаткомдун жетекчилигинин жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле Дүйнөлүк банктын долбоорунун менеджери катышты. Жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 328 Жарлыгына ылайык Кеңештин жаңыланган курамында өттү.

Отурумдун алкагында Улутстаткомдун 2026-жылдын 9 айындагы ишмердигинин жыйынтыктары, 2026-жылдагы айыл чарба каттоолорун өткөрүүнүн натыйжалары, «IST» автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизүүнүн абалы, жумушчу күчүн пилоттук изилдөөнүн жыйынтыктары, ошондой эле «Аялдардын бакубаттуулугу жана коопсуздугу» аттуу пилоттук изилдөөнүн жыйынтыктары каралды.
Жыйынды ачып жатып, Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Жапарович Кудайбергенов Статистика боюнча кеңештин расмий статистиканы өндүрүүчүлөр менен колдонуучулардын өз ара аракеттенүү аянтчасы катары маанилүү ролун белгиледи.
«Кеңеш расмий статистиканы өндүрүүчүлөр менен аны колдонуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүү аянтчасы болуп саналат. Анын ишмердиги статистиканын актуалдуу маселелерин талкуулоого, колдонуучулардын керектөөлөрүн эске алууга жана улуттук статистикалык системаны андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга багытталган»,-деп баса белгиледи Бактыбек Жапарович Кудайбергенов.
Куттуктоо сөзүндө Статистика боюнча кеңештин төрагасынын орун басары, Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Улутстатком менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кеңештин мүчөлөрү ар түрдүү чөйрөлөрдө негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн расмий статистикалык маалыматтардын сапаттуу, анык жана жеткиликтүү болушуна кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Ал ошондой эле Кеңештин курамында статистиканы колдонуучулардын кеңири өкүлчүлүгүнүн маанисин белгиледи, бул ар түрдүү керектөөлөрдү жана пикирлерди эске алууга мүмкүндүк берет. Анын айтымында, Кеңештин мүчөлөрү чечимдерди кабыл алууда расмий статистикалык маалыматтардын кеңири колдонулушуна, ошондой эле Дүйнөлүк банктын «Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо» долбоорунун алкагында багытталган ресурстардын натыйжалуу пайдаланылышына көмөктөшө алышат.
Отурумдун жүрүшүндө Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева Комитеттин 2026-жылдын 9 айындагы ишмердигинин негизги жыйынтыктары, пландаштырылган иш-чаралардын ишке ашырылышы жана алдыдагы мезгилге коюлган милдеттер тууралуу маалымат берди.
Өзгөчө көңүл 2026-жылдагы айыл чарба каттоолорунун жыйынтыктарына бурулду. Каттоонун жыйынтыктары агрардык сектордун абалы тууралуу актуалдуу маалыматтарды алуу, айыл чарбасынын түзүмүн талдоо жана кабыл алынып жаткан чечимдерди маалыматтык жактан камсыздоо үчүн чоң мааниге ээ. Бул маселе боюнча маалымат менен Улутстаткомдун төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев сөз сүйлөдү.
Негизги маселелердин бири — статистикалык өндүрүштү андан ары санариптештирүүгө жана статистикалык маалыматтарды чогултуу процесстерин өркүндөтүүгө багытталган «IST» автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизүү болду. Системаны киргизүүнүн жүрүшү, жетишилген натыйжалар жана мындан аркы милдеттер тууралуу Улутстаткомдун Интеллектуалдык маалыматтар борборунун директору Нурлан Ишенов маалымат берди.

Ошондой эле эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу статистикасы бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жайлобаева сунуштаган жумушчу күчүн пилоттук изилдөөнүн жыйынтыктары каралды. Бул изилдөөнү өткөрүү калкты иш менен камсыз кылуу жана эмгек рыногу тууралуу маалыматтарды алуу ыкмаларын өркүндөтүүгө, ошондой эле колдонулуп жаткан маалымат чогултуу усулдарын сыноодон өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Отурумдун тематикалык бөлүгүн «Аялдардын бакубаттуулугу жана коопсуздугу» аттуу пилоттук изилдөөнүн жыйынтыктарын кароо жыйынтыктады. Бул изилдөө социалдык статистиканы өнүктүрүүнүн багыттарынын бири болуп саналат жана аялдардын абалын талдоо үчүн маалыматтык базаны кеңейтүүгө, ошондой эле колдонулган методологиялык ыкмалардын ылайыктуулугун баалоого шарт түзөт. Изилдөөнүн натыйжалары тууралуу социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Рахманова айтып берди.

Жалпы талкуунун жүрүшүндө Кеңештин мүчөлөрү каралган маселелер боюнча өз сунуштарын жана сунуштамаларын билдиришти. Статистикалык маалыматтарды өндүрүүчүлөр менен аны колдонуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүү, расмий маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле аларды чечимдерди кабыл алууда жигердүү колдонуу зарылдыгы белгиленди.
Отурумдун жүрүшүндө айтылган сунуштар жана сунуштамалар Улутстатком тарабынан өз компетенциясынын чегинде каралып, мындан аркы ишинде эске алынат.
Жыйындын соңунда Улутстаткомдун төрагасы Б.Ж. Кудайбергенов талкуунун жыйынтыктары жана айтылган сунуштар статистикалык өндүрүштү андан ары өркүндөтүүгө, санариптештирүүгө, статистикалык изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө жана расмий статистиканын практикалык суроо-талабын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
