Басылмалардын датасы: 26.12.2024
Улутстатком иштеп чыккан отун-энергетикалык баланстын жыйынтыгы боюнча 2023-жылы республикада отун-энергетикалык ресурстун көлөмү 18,1 млн. тонна шарттуу отунду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 1,6% көбөйдү, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу 10% көбөйдү.
Отун-энергетикалык баланстын жыйынтыгы боюнча республиканын ички рыногундагы отун-энергетикалык ресурстардын жалпы көлөмүнөн жалпысынан 14,1 млн.тонна шарттуу отун керектелди, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,2% көп.
2023-жылы көмүр казып алуунун көлөмү 4,2 млн. тоннаны түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 10,6%, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге көп. Негизинен көмүр ички рынокто колдонулат, ал эми анын жалпы керектөө көлөмүндөгү үлүшү 43,8% түздү.
Мунайзат продуктуларына болгон республикалык суроо-талап негизинен импорт менен толукталат.
2023 - жылы 125,7 миң тонна дизелдик отун өндүрүлгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 9,0% көп, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу 1,5 эсе көп. Мында анын импорт боюнча келип түшүүсү 2019-жылга салыштырмалуу 22,1% азайды жана 417 миң тоннаны түздү.
Автоунаа бензини 25,8 миң тонна өндүрүлдү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 6,2% көп, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу дээрлик 75,0% аз. Өткөн жылга салыштырмалуу анын импорттук жеткирүүлөрү 14,6% азайып, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу тескерисинче 1,8% өскөн.
2023 - жылы 175 миң тоннадан жакыны күйүүчү мазут өндүрүлгөн, бул 2019-жылга салыштырмалуу 1,5 эсе көп, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу - 6,5% көп.
Жалпысынан 2023-жылы отун катары түздөн-түз керектөөгө дизелдик отундун жалпы керектөөсүнүн 80%, 85% унаа бензининин жана 19,7% күйүүчү мазуттун сарпталган.
Республиканын авиациялык керосинге болгон муктаждыгы импорттук жеткирүүлөрдүн эсебинен толук канааттандырылат.
2023-жылы чийки мунайзат ресурстарынын жалпы көлөмүнүн 311,9 миң тоннасы же дээрлик 97% казып алууга туура келген. Өндүрүш керектөөлөр үчүн материал катары дээрлик 310 миң тонна мунайзат же жалпы бөлүштүрүүнүн 99,4% жакыны керектелген.
2023-жылы жаратылыш газынын ресурстарынын 94% импорттун эсебинен камсыздалган. 2019-жылга салыштырмалуу аны казып алуу 3 млн. куб. метрге же 12,3% көбөйдү жана 27,4 млн. куб. метрди түзгөн. Отун катары түздөн-түз керектөөгө 294,7 млн. куб. метр же газдын 63,2%, энергиянын башка түрлөрүнө айландырууга- 143,7 млн. куб. метр же газдын 31% сарпталды.
2023-жылы 13,8 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 2021-жылга салыштырмалуу электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү 1,3%, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу 8,4% азайган. Анын көлөмүнүн 87% жакыны ГЭСтерде өндүрүлөт. 2023-жылы 17,2 млрд кВт/саат электр энергиясы керектелген. Республиканын чегинен тышкары 138,4 млн. кВт/саат электр энергиясы берилген (экспорттолгон).
2023-жылы жылуулук энергиясын өндүрүүнүн көлөмү 2,9 млн. гигакалорияны түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 6% аз, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу 2,5% көп. Жылуулук энергиясынын бардык көлөмү республиканын ички рыногуна жөнөтүлөт.
____________________________________________________________________________
Өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү | e-mail:
a.mamanova@stat.kg | тел. + 996 (312) 664044
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).