Массалык маалымат каражаттары жана китеп басып чыгаруу. Сандар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 07.11.2026


Маалымат каражаттарынын, полиграфия, басмакана жана китеп соодасынын бардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 1-ноябрындагы токтому менен 1924-жылдын ноябрь айында кыргыз тилиндеги алгачкы «Эркин-Тоо» улуттук газетасынын чыгышынын урматына бекитилген. 1927-жылы газета «Кызыл Кыргызстан», ал эми 1965-жылы «Советтик Кыргызстан» деп аталган. 1991-жылы эгемендик алгандан кийин газета «Кыргыз Туусу» деп кайра аталган.

Республиканын дагы бир эң байыркы басылмаларынын катарына 1925-жылы негизделип, орус тилинде жарык көргөн «Слово Кыргызстана» газетасы кирет. Анын биринчи номери «Батрацкая правда» деген ат менен чыгып, андан кийин «Крестьянский путь», ал эми 1927-жылдан тартып «Советская Киргизия» деп аталган. 1991-жылдын февраль айында газета «Слово Кыргызстана» болуп өзгөртүлгөн. Бул газеталар түзүлгөн алгачкы күндөрүнөн тартып эле республикада болуп жаткан процесстерди чагылдырып, калктын массалык үгүтчүсү, оттуу пропагандисти жана уюштуруучусу боло алды. Алар сабатсыздыкты жоюу, калк арасында агартуу иштерин жүргүзүү, улуттук литератураны жана журналистиканы өнүктүрүү иштерине зор салым кошту. Газеталарда республиканын белгилүү илимпоздорунун, мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин макалалары жарыяланып келген.

Ал эми китеп басып чыгаруу ишмердүүлүгүнө токтолсок, анын Кыргызстанда түптөлүшү жана өнүгүшү XX кылымдын 20-жылдарынын орто ченинен, башкача айтканда, республикада улуттук жазууну жана кыргыз тилиндеги биринчи басма сөз органдарын түзүү процесси негизинен аяктаган мезгилден башталат. Көркөм тексттерди жана китептерди кыргыз тилинде басып чыгаруу улуттук китеп басмасы түзүлгөнгө чейин эле жүзөгө ашырылып келген, бирок алар Кыргызстандан сырткары жерлерде басылып жаткан.

1925-жылы Пишпек шаарынын басмаканасында биринчи жолу 8 аталыштагы китеп басылып чыккан. Ошол эле жылы Москва, Ташкент жана Пишпек шаарларында жалпы тиражы 100 миң нуска болгон 30 китеп чыгарылган.

1926-жылы Кыргыз мамлекеттик басма иштери башкармалыгынын биринчи жыйынында «Кыргызмамбас» («Киргосиздат») басмасы негизделген. Анын иштеген биринчи жылында жалпы тиражы болжол менен 66 миң нусканы түзгөн 26 аталыштагы китеп жарык көргөн.

30-жылдары өндүрүштүк-техникалык базанын жакшыртылышынын аркасында ата мекендик китеп басып чыгаруу иши өзүнүн өнүгүүсүндө кыйла алдыга жылууга жетишкен.

60-80-жылдары китеп басып чыгаруу ишмердүүлүгү негизинен «Кыргызстан», «Мектеп», «Илим» жана «Адабият» басмалары тарабынан ишке ашырылып турган.

2025-жылы жалпы тиражы 927 миң нусканы түзгөн 1 350 аталыштагы китеп басылып чыкты, алардын ичинен дээрлик 70%ы кыргыз тилинде жарык көргөн.

________________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү  e-mail: rakhmanovazz@mail.ru, social-nsc@mail.ru          тел. +996 (312) 66-40-40

 

Расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метадайындарды колдонууда колдонуучулар алардын булагына шилтеме жасоого милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 08.11.2026, 14:00