Кыргызстан менен Корея Республикасынын статистика ведомстволору санариптештирүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты улантууда
Басылмалардын датасы: 19.08.2026
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине Корея Республикасынын Маалыматтар жана статистика министрлигинин делегациясы келип кетти. Бул визит «Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин статистикалык потенциалын жогорулатуу» долбоорунун үчүнчү фазасынын алкагында ишке ашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоорду ишке ашыруунун аралык жыйынтыктарын чыгарып, жетишилген натыйжаларды талкуулашты жана 2026-жылга карата биргелешкен иштин негизги багыттарын аныкташты.
Расмий статистиканы өндүрүү, иштеп чыгуу, талдоо жана жайылтуу процесстерине заманбап санариптик чечимдерди киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду. 2026-жылдын ичинде долбоордун алкагында Корея Республикасынын тажрыйбасына жана технологиялык чечимдерине таянып, статистикалык маалыматтарды жайылтуунун заманбап тутумун түзүү пландаштырылууда.

Мындан тышкары, статистикалык маалыматтарды иштеп чыгуу жана талдоо үчүн жасалма интеллект технологияларын колдонуу боюнча адистештирилген тренингдер каралган, ошондой эле Улутстаткомдун маалыматтык-технологиялык инфраструктурасын чыңдоо максатында заманбап сервердик жабдуулар сатылып алынат.
Корея Республикасынын Маалыматтар жана статистика министрлигинин өкүлдөрү маалыматтарды иштеп чыгуу жана талдоо үчүн жасалма интеллектти колдонуу жаатындагы эң жаңы технологиялар жана иштеп чыгуулар менен тааныштырышты. Жолугушуунун катышуучулары сунушталган чечимдерди Улутстаткомдун ишинде колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Пландаштырылган иш-чараларды ишке ашыруу расмий статистиканын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, кызматкерлердин кесиптик дареметин өнүктүрүүгө жана улуттук статистикалык тутумдун мындан аркы санариптик трансформациясына өбөлгө түзөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.
Маалымат үчүн:
Корея Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен 2024-2028-жылдар аралыгында Расмий өнүктүрүү көмөгү программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин статистикалык потенциалын жогорулатуу» гранттык долбоорунун наркы 5 миллион АКШ долларынан ашат.
Долбоордун негизги максаты — Кыргыз Республикасынын статистикалык потенциалын чыңдоо, маалыматтар менен иштөөнүн заманбап ыкмаларын киргизүү жана сапаттуу статистикалык маалыматтарды калыптандыруу, ошондой эле Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүнү мониторингдөө үчүн зарыл болгон инструменттерди өнүктүрүү болуп саналат.
