Медицина кызматкеринин күнүнө карата статистикалык обзор
Басылмалардын датасы: 05.07.2019
Жыл сайын июль айынын биринчи жекшемби күнү Кыргыз Республикасынын медициналык уюмдарынын кызматкерлери медицина кызматкеринин күнүн белгилешет. Республикада ушул кесиптин өкүлдөрү куттуктоолорду үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда кабыл алышат.
2018-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында 187 оорукана уюмдары, биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү 46 уюм, эки медициналык тез (ыкчам) жардам көрсөтүү боюнча өз алдынча станциялар жана башка уюмдардын курамына кирген 139 бөлүм элге медициналык жардам көрсөтүштү. Аймактык ооруканалардын жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун базасында 29 жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору иштеп турду.
2018-жылы элди ооруканага жаткыруу аркылуу 187 оорукана уюмдары медициналык дарылоо жардамын көрсөтүштү, алардын ичинен 135 - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин системасында, 44 -медициналык санитардык бөлүгүндө, ошондой эле 5 - мейманканалар жана ооруканалар бөлүгүндө иш жүргүзүшөт.
2018-жылы биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү оорукана уюмдарынын саны
Оорукана уюмдары |
Биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдар |
|
Кыргыз Республикасы |
187 |
146 |
Баткен облусу |
17 |
11 |
Жалал-Абад облусу |
36 |
20 |
Ысык-Көл облусу |
12 |
21 |
Нарын облусу |
8 |
9 |
Ош облусу |
26 |
11 |
Талас облусу |
8 |
7 |
Чүй облусу |
29 |
21 |
Бишкек ш. |
22 |
44 |
Ош ш. |
8 |
2 |
Республикалык мекемелер |
21 |
- |
2018-жылы 14,1 миң врач дарыгерр жана 35,6 миң орто медициналык персонал медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылышты. Республиканын элинин 10 миңине деп алганда 22 врач дарыгер жана 56 орто медициналык персонал туура келди.
Медициналык кызматкерлердин саны
(жылдын аягына карата; миң адам)
2018-жылы дарыгерлердин арасындагы кеңири жайылган кесиптик адистер болуп, терапевттик (3,9 миң адам) жана хирургиялык (2,3 миң) профиль боюнча, стоматологдор (тиш дарыгери) (1,2 миң), акушер-гинекологдор (1,1 миң) жана педиатрия профилиндеги дарыгерлер (800 ашык адам) саналды.