Ушул жылдын июнь айында республиканын экономикасы төмөндөдү

Басылмалардын датасы: 13.07.2020


Ички дүң продукт 2020-жылдын январь-июнь айларында, алдын ала баалоо боюнча, 228 миллиард сомдон ашты жана 2019-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 5,3 пайызга төмөндөдү.

 «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-июнда ИДП көлөмү 196 миллиард сомду түзүп, 6,9 пайызга азайды.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2020-жылдын январь-июнда 153 миллиард сомду түздү жана өткөн жылдын январь-июнга салыштырмалуу 0,1 пайызга жогорулады, бул өсүш фармацевтикалык продукциянын көлөмүнүн көбөйүшүнө (2,4 эсеге), химиялык продукциянын (10,9 пайызга), жер астынан казылган баалуу металлдардын (9,8 пайызга), унаа менен анын шаймандарын эске албаганда, темир жана даяр темир буюмдарынын (9,0 пайызга) көбөйүшүнүн эсебинен болду.    

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү - 9,1 пайызга азайды,  дүң жана чекене соода тармагы - 14,9 пайызга төмөндөсө, айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 1,6 пайызга өстү.

2020-жылдын январь-июнь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 3,0 пайызга өстү, бул  тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз суусундуктардына (6,4 пайыз), алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баалары (5,4 пайызга) бааларынын өсүшү менен шартталды. Ушул эле учурда, өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу июнь айында азык-түлүк эмес товарлардын баалары 1,0 пайызга төмөндөдү, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 0,1 пайызга ылдыйлады.

Керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулаганы Талас облусунда байкалды (5,7 пайыз). Бул башка региондорго салыштырмалуу, баалардын тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга (12,8 пайызга) көбүрөөк жогорулаганы менен шартталды.    

Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү, 2020-жылдын январ-май айларында 2 125,8 млн АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январ-майга салыштырмалуу 22,7 пайызга төмөндөдү, ушул эле учурда  экспорттук жөнөтүүлөр 1,2 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 31,8 пайызга кыскарды. 

2020-жылдын январь-май айларында Республиканын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү  927,4 млн. АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январь-майга салыштырмалуу 11,9 пайызга азайган.

Ушул эле учурда, экспорттук жөнөтүүлөр - 18,9 пайызга азайган, импорттук келип түшүүлөр - 9,9 пайызга төмөндөдү.  Республиканын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (68,4 пайызы) жана Казакстанга (29,6 пайызы) туура келди.

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасы

 (өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

                                                                                      

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.  Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси). Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |


Акыркы жаңылоо: 15.07.2020, 19:19