Мартта февралга салыштырмалуу ЕЭАБ өлкөлөрүнүн* арасынан Кыргыз Республикасында керектөө бааларынын жана тарифтеринин олуттуу жогорулоосу катталды
Басылмалардын датасы: 15.04.2021
Үстүбүздөгү жылдын мартында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттеринде керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы белгиленди, муну менен бирге, алардын эң көп (1,1 пайызга) өсүүсү Кыргыз Республикасында катталды.
ЕЭАБ мүчө-мамлекеттери боюнча керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли
(пайыз менен, өсүүсү +, төмөндөшү -)
|
Март |
Март |
Январь-марттагы өсүүнүн орточо айлык темптери (төмөндөшү) |
|||
2020 |
2021 |
2020 |
2021 |
2020 |
2021 |
|
Армения |
0,5 |
1,0 |
1,7 |
3,8 |
0,5 |
1,3 |
Беларусь |
0,9 |
0,7 |
2,7 |
3,8 |
0,9 |
1,3 |
Казакстан |
0,9 |
0,6 |
2,3 |
1,9 |
0,7 |
0,6 |
Кыргызстан |
1,5 |
1,1 |
2,7 |
3,2 |
0,9 |
1,0 |
Россия |
0,6 |
0,7 |
1,3 |
2,1 |
0,4 |
0,7 |
* Улуттук статистика кызматтарынын маалыматтары боюнча.
2021-жылдын мартында 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын өтө жогорку деңгээли (3,8 пайыз) Армения Республикасында жана Беларусь Республикасында катталды.
Муну менен бирге, ушул мезгилдин ичинде баалар жана тарифтер Армения Республикасында азык-түлүк товарларына (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) (6,0 пайызга) жана азык-түлүк эмес товарларына (4,3 пайызга) олуттуу түрдө өстү. Ошол эле мезгилде, кызмат көрсөтүүлөргө болгон баалардын максималдуу өсүүсү - 4,0 пайызга Беларусь Республикасында катталды.
2021-жылдын мартындагы ЕЭАБ мүчө-мамлекеттериндеги керектөө секторундагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн топтору боюнча инфляциянын деңгээли
((пайыз менен, өсүүсү +, төмөндөшү -)
|
Бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр |
анын ичинде: |
||
азык-түлүк товарлар1 |
азык-түлүк эмес товарлар |
кызмат көрсөтүүлөр |
||
Мурунку айга карата |
||||
Армения |
1,0 |
1,0 |
1,6 |
0,5 |
Беларусь |
0,7 |
0,4 |
1,4 |
0,3 |
Казахстан |
0,6 |
0,8 |
0,7 |
0,2 |
Кыргызстан |
1,1 |
1,4 |
1,2 |
-0,3 |
Россия |
0,7 |
0,8 |
0,7 |
0,4 |
Мурунку жылдын декабрына карата |
||||
Армения |
3,8 |
6,0 |
4,3 |
0,9 |
Беларусь |
3,8 |
3,7 |
3,8 |
4,0 |
Казахстан |
1,9 |
3,0 |
1,5 |
0,9 |
Кыргызстан |
3,2 |
4,5 |
2,0 |
0,5 |
Россия |
2,1 |
3,1 |
1,8 |
1,2 |
* Улуттук статистика кызматынын маалыматы боюнча.
1 Алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди кошкондо.
___________________________________________________________________________
Баалар статистикасы бөлүмү |e-mail: ceny@stat.kg; |тел. + 996 (312) 625825; 324705
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).