Улутстаткомдо эл каттоо мезгилинде жарандардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн Call-борбор түзүлдү
Басылмалардын датасы: 24.03.2022
Улутстаткомдо 2022-жылдын 22-мартынан 10-майына чейин республикада эл жана турак жай фондун каттоо суроолору боюнча жарандардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн бирдиктүү 1216 (чалуу акысыз) номеринин негизинде Call-борбор иши уюштурулду.
Борбордун ишине Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери ишке тартылды. «Ишеним телефону» эл жана турак жай фондун каттоо өткөрүүнүн жүрүшүндө жаралган маселелер боюнча жарандардын кайрылууларын объективдүү, ар тараптуу жана өз убагында кароо, ошондой эле өлкөнүн мыйзамдарын бузууларга жол бербөө үчүн арналган.
«Ишеним телефонуна» жарандардын кайрылууларын кабыл алуу дем алыш жана майрам күндөрүнөн башка күндөрү, күн сайын, саат 8.30дан 18.00 чейин, ал эми эл каттоо өткөрүлүп жаткан мезгилде - 8.30дан 20.00 чейин жүргүзүлөт.