Улутстаткомдо улуттук статистиканын 99 жылдыгына арналган сыйлоо аземи болуп өттү

Басылмалардын датасы: 30.04.2025


Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде расмий статистиканы өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы, жогорку кесипкөйлүгү жана компетенттүүлүгү үчүн сыйлыктар тапшырылды. Сыйлыктарды жана алкыш каттарды Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов тапшырды.
 
Быйыл өлкөнүн статистикалык органы Кыргызстанда биринчи статистикалык мекеме негизделгенине 99 жыл толгонун белгилеп жатат. Бул датага байланыштуу расмий статистиканын өнүгүшүнө салым кошкон активдүү колдонуучулар жана респонденттер сыйланышты.
 
Улуттук статистика комитетинин коллегиясынын чечимине ылайык, «Статистиканын отличниги» төш белгиси менен Осмон Тогусаков — философия илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Статистика кеңешинин төрагасы сыйланды.
 
Улутстаткомдун Ардак грамотасы төмөнкү инсандарга ыйгарылды:
  • Чоро Сейитов, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары;
  • Аскар Сыдыков, Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору;
  • Татьяна Ким, «Салык консультанттар палатасы» коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрайымы;
  • Алина Сагинбаева, АКИpress маалымат агенттигинин башкы директору.
Мындан тышкары, Улуттук статистика комитетинин алкыш каты төмөнкү уюмдарга тапшырылды:
  • ОсОО «BAYTUR-Building»,
  • ААК «Микрофинансылык компания АБН»,
  • ОсОО «Бишкекский Вторчермет»,
  • ОсОО «Эрай Фарм»,
  • ОсОО «Газпром Кыргызстан».
Бул сыйлыктар расмий статистика тармагындагы жемиштүү кызматташтык жана сапаттуу, ишенимдүү маалымат менен камсыз кылууга кошкон олуттуу салым үчүн тапшырылды.
 
Өз кезегинде сыйлангандар терең ыраазычылыктарын билдирип, статистикалык маалыматтардын ачыктыгын, аныктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда Улуттук статистика комитетинин жамаатынын ишинин маанилүүлүгүн жана жоопкерчилигин жогору белгилешти.
 
 

 


Акыркы жаңылоо: 30.04.2025, 12:54