Улуттук статистика комитетинде статистикалык бизнес-процесстерди автоматташтыруу жана SDMXти киргизүү маселелери боюнча БУУнун техникалык миссиясы өттү

Басылмалардын датасы: 10.11.2026


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Бириккен Улуттар Уюмунун Статистика бөлүмүнүн эксперти Абдулла Гозаловдун техникалык жана консультациялык миссиясы болуп өттү. Миссия статистикалык бизнес-процесстерди автоматташтыруу жана статистикалык маалыматтарды жана SDMX метамаалыматтарын алмашуунун эл аралык стандартын киргизүү маселелерине арналган.

Миссиянын негизги максаты маалыматтык агымдарды өркүндөтүү жана улуттук статистикалык системанын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен статистикалык өндүрүштүн айрым этаптарын автоматташтыруу үчүн SDMX жана аны менен байланышкан куралдарды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн баалоо болду.

Миссиянын алкагында эксперт Улуттук статистика комитетинин иштеп жаткан маалыматтык тутуму жана административдик маалыматтардын агымы менен таанышты. Жумушчу сессиялардын жүрүшүндө ИТ-инфраструктураны модернизациялоонун, маалыматтарды жана мета-маалыматтарды структуралоого бирдиктүү ыкмаларды колдонуунун, ошондой эле маалыматтык системалардын ортосундагы автоматтык алмашууну уюштуруунун перспективалары талкууланды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Улуттук банкынын өкүлдөрү менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жана маалымат алмашуунун натыйжалуулугун жогорулатууга арналган жолугушуулар өттү. Миссиянын жыйынтыгы боюнча эксперттин сунуштары каралып, кызматташтыктын мындан аркы багыттары макулдашылып,

SDMX статистикалык маалыматтарды жана метамаалыматтарды - статистикалык көрсөткүчтөрдүн мазмунун жана мүнөздөмөлөрүн ачып берген маалыматтарды сүрөттөөнүн жана алмашуунун бирдиктүү эрежелерин белгилейт. SDMXти колдонуу маалыматтык системалардын шайкештиги жана маалыматтарды автоматтык түрдө берүү үчүн негиз түзөт, бул маалымат алмашууда кол менен жасалган операциялардын көлөмүн кыскартууга жана расмий статистиканы таратуунун ыкчамдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.


Акыркы жаңылоо: 10.11.2026, 10:11