Республикада айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо аяктап жатат
Басылмалардын датасы: 15.10.2026
Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрына карата дан эгиндеринин (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) абалы боюнча 586 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 3,4 пайызга көп. Мында алгачкы кабыл алынган салмакта 2,0 млн тонна дан жыйналып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,7 пайызга көп болду.
23-сентябрга карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы
(миң тонна)
|
|
Иш жүзүндө |
Өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата |
||
|---|---|---|---|---|
|
|
2025 |
2026 |
+, - |
пайыз менен |
|
Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз), миң га |
567,6 |
586,8 |
19,2 |
103,4 |
|
Бастырылган дан - бардыгы (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) (алгачкы кабыл алынган салмакта) |
1 544,0 |
2 049,1 |
505,1 |
132,7 |
|
1 гектардан, ц |
27,2 |
34,9 |
7,7 |
128,3 |
|
Бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган салмакта) |
512,7 |
744,6 |
231,9 |
145,2 |
|
1 гектардан, ц |
20,8 |
30,2 |
9,4 |
145,2 |
|
Бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган салмакта) |
447,4 |
687,1 |
239,7 |
153,6 |
|
1 гектардан, ц |
18,8 |
27,0 |
8,2 |
143,6 |
|
Жыйналган дан жүгөрү |
580,6 |
613,6 |
33,0 |
105,7 |
|
1 гектардан, ц |
71,0 |
72,3 |
1,3 |
101,8 |
|
Бастырылган дан буурчак өсүмдүктөрү (алгачкы кабыл алынган салмакта) |
62,3 |
65,8 |
3,5 |
105,7 |
|
1 гектардан, ц |
13,5 |
14,7 |
1,2 |
108,9 |
|
Бастырылган күрүч (алгачкы кабыл алынган салмакта) |
36,1 |
36,4 |
0,3 |
100,8 |
|
1 гектардан, ц |
45,3 |
46,5 |
1,2 |
102,6 |
|
Бастырылган май алынуучу өсүмдүктөр |
13,3 |
15,6 |
2,3 |
117,3 |
|
1 гектардан, ц |
12,5 |
12,5 |
0,0 |
100,0 |
|
Жыйналган пахта |
15,5 |
9,3 |
-6,2 |
60,0 |
|
Жыйналган тамеки |
0,7 |
1,1 |
0,4 |
154,3 |
|
Казылган картошка аянты, миң га |
54,2 |
58,2 |
3,9 |
107,3 |
|
Жыйналган картошка |
947,4 |
1 045,5 |
98,0 |
110,3 |
|
1 гектардан, ц |
174,7 |
179,7 |
5,0 |
102,9 |
|
Жыйналган жашылчалар |
1 098,5 |
1 085,8 |
-12,7 |
98,8 |
|
Жыйналган бакча өсүмдүктөрү |
280,5 |
292,5 |
12,0 |
104,3 |
|
Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү |
281,0 |
303,3 |
22,3 |
107,9 |
Ушул жылдын вегетация мезгилиндеги ыңгайлуу аба ырайы шарттары арпанын (53,6 пайызга), буудайдын (45,2 пайызга), дан жүгөрүнүн (5,7 пайызга), буурчак өсүмдүктөрүнүн (5,7 пайызга), күрүчтүн (0,8 пайызга), май өсүмдүктөрүнүн (17,3 пайызга), картошканын (10,3 пайызга), мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн (7,9 пайызга) жана бакча өсүмдүктөрүнүн (4,3 пайызга) дүң жыйымынын өсүшүнө өбөлгө түздү.
2026-жылдын түшүмү үчүн пахтанын жана жашылча өсүмдүктөрүнүн себүү аянттарынын кыскаргандыгын эске алуу менен, өткөн жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу пахтанын (40 пайызга) жана жашылча өсүмдүктөрүнүн (1,2 пайызга) дүң жыйымынын азайгандыгы белгиленди.
Айыл чарба статистикасы бөлүмү | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
